Жалал-Абадда 555 трансформатор оңдолуп, 14ү жаңы орнотулат

Жалал-Абадда 555 трансформатор оңдолуп, 14ү жаңы орнотулат

Быйыл Жалал-Абад облусунда 6–10/0,4 кВ болгон 555 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кошумча 14 жаңы трансформатор орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, иштер 2026-жылдын март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Жабдууларды жаңылоо “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланып, ал эми иш-чараларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасы ишке ашырат.

Оңдоо иштеринин алкагында трансформаторлордун техникалык абалы текшерилип, эскирген тетиктер алмаштырылып, керектүү техникалык тейлөө жүргүзүлөт. Ал эми жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртып, тармактагы жүктөмдү тең салмактоого жана керектөөчүлөрдү туруктуу камсыз кылууга шарт түзөт.

Жаңылоо иштери Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул жана Чаткал райондорунда, ошондой эле Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Манас шаарларында жана Көк-Арт өрөөнүндө жүргүзүлөт. Бул аймактарда ондогон трансформаторлор оңдолуп, айрым жерлерде жаңы трансформаторлор орнотулат.

Белгиленгендей, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын карамагында облус боюнча жалпысынан 4348 трансформатор бар. Алардын бардыгы жыл аягына чейин этап-этабы менен техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте абаны булгаган унааларга айып пул салынды

Бишкекте унаалардан чыккан зыяндуу заттардын ченемин аныктоо боюнча кезектеги рейд өттү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.  Маалыматка ылайык, иш-чараны Экологиялык көзөмөл кызматы Милициянын кайгуул кызматы менен биргеликте уюштурду. Рейд учурунда эки унаанын түтүнү белгиленген нормадан 50%дан ашык жогору экени аныкталды. Натыйжада айдоочуларга Укук бузуулар

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

"Чабрец" агрофирмасы заманбап технология менен мал чарбасын өнүктүрүүдө

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков "Чабрец" агрофирмасына барып, мал чарбачылыгында колдонулуп жаткан заманбап технологиялар жана өндүрүш процесси менен таанышты. Иш сапардын жүрүшүндө министр ветеринардык адистер менен жолугуп, малды санариптик идентификациялоо системасы тууралуу маалымат алды. Бул система аркылуу ар бир малга тагылган

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Бишкекте №42 мектепке кошумча окуу корпусу курулууда

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев 7-8-март күндөрү Бишкекте курулуп жаткан мектептерди кыдырып, курулуш иштерин жандандырууну жана сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды. Ведомстводон билдиришкендей, Бишкектеги Алыкулов көчөсү, 1 дарегинде жайгашкан №42 мектепке барды. Бул жерде мектепке 380 орундуу кошумча окуу корпусу (жалпы кубаттуулугу 800 окуучуга ылайык) курулуп

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Кыргызстандан малды сыртка чыгарууга 6 айга тыюу салынды

Министрлер Кабинети айыл чарба жаныбарларын Кыргыз Республикасынын аймагынан сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салуу жөнүндө токтом кабыл алды. Тиешелүү документке Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон. Чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана азык-түлүк товарларынын баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганы белгиленет. Токтомго ылайык, ири мүйүздүү малды, жылкыларды, койлорду жана эчкилерди