Талас облусунда «Жерүй» чакан ГЭСтер комплексин куруу башталды
Талас облусунда Кыргызстандын кайра жаралуучу энергетика тармагындагы уникалдуу долбоорлордун бири болгон «Жерүй» чакан гидроэлектростанциялар комплексинин курулушуна старт берилди. Капсула салуу аземи 2-апрелде болочок энергетикалык объекттин аянтчасында өттү.
Долбоорду «Альянс Гидро» ЖЧКсы Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду (ОКӨФ), «Альянс Алтын» компаниясы жана «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКнын катышуусунда ишке ашырууда.
Иш-чарага Кыргызстандын жана Россиянын бийлик өкүлдөрү, өнүктүрүү институттарынын жана аймактык башкаруу органдарынын өкүлдөрү, анын ичинде РФ Президентинин стратегиялык өнөктөштүк боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков, ОКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков жана КР Президентинин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев катышты.
«Жерүй» комплекси жалпы кубаттуулугу 24 МВт чейин жеткен жана жылына болжол менен 80 млн кВт·саат электр энергиясын иштеп чыга турган бир нече деривациялык чакан ГЭСтерди камтыйт. Долбоордун өзгөчөлүгү – бул Кыргызстандагы өндүрүштүк ишкананын муктаждыктары үчүн гана курулган жалгыз ГЭС болуп саналат.
«Биз маанилүү жана көп жагынан тарыхый окуянын – Чоң-Чычкан жана Туз-Ашуу дарыяларында жаңы «Жерүй» чакан ГЭСтеринин курулушунун башталышынын күбөсү болуп жатабыз. Бул жөн гана курулуш иштеринин башталышы эмес. Бул биздин аймакка жаңы мүмкүнчүлүктөрдү, өнүгүү энергиясын жана эртеңки күнгө ишенимди алып келе турган чоң жолдун башталышы», – деп белгиледи «Альянс Гидро» директору Бакыт Молдоюсупов куттуктоо сөзүндө.
Долбоор аймактын энергетикалык туруктуулугун бекемдөөгө, иштеп жаткан тармактарга болгон жүктөмдү азайтууга жана кайра жаралуучу булактардан алынган генерациянын үлүшүн көбөйтүүгө багытталган. Ошондой эле бул өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын модернизациялоо боюнча кеңири иштин бир бөлүгү катары каралууда.
«КР Президентинин демилгеси менен Таласта ишке ашырылып жаткан долбоорлор бүгүнкү күндө аймактарды өнүктүрүүгө чоң көңүл бурулуп жатканынан кабар берет. Биз өз тарабыбыздан алардын мүмкүн болушунча кыска мөөнөттө ишке ашырылышы үчүн болгон күчүбүздү жумшап жатабыз. Министрлер Кабинети, Финансы министерлиги жана «Альянс Алтын» компаниясына кепилдик берген Мамлекеттик финансылык холдинг тарабынан көрсөтүлгөн колдоо мындай долбоорлордун көлөмүн эселеп көбөйтүүгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи ОКӨФ башкармалыгынын төрагасы Артем Новиков.
«Жерүй» чакан ГЭСтер комплексине жумшалган инвестициянын көлөмү 39,2 млн долларга бааланууда, иштин толук цикли эки жылга жакын убакытты алат. Курулушту каржылоо Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун жана «Альянс Алтын» ЖЧКсынын каражаттарынын эсебинен камсыздалган, ал эми аны ишке ашырууга Кыргызстандын жана Европанын компанияларын камтыган эл аралык подрядчылар консорциуму тартылган.
Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев чакан ГЭСтин курулушу кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүгө жана экологиялык абалды жакшыртууга багытталган мамлекеттик саясаттын артыкчылыктарына төп келерин баса белгиледи.
«Биз инвесторлордун, өнөктөштөрдүн жана бул долбоорду ишке ашырууга тартылган бардык адистердин салымын жогору баалайбыз. Биргелешкен аракеттер менен долбоор белгиленген мөөнөттө ийгиликтүү аяктап, натыйжалуу эл аралык кызматташтыктын үлгүсү болоруна ишенем», – деп жыйынтыктады ал.
Долбоор Кыргызстанды 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн улуттук программасына негизделген. Президент Садыр Жапаров ага 2025-жылдын июнь айында кол койгон – документте «жашыл» энергетиканы жана өлкөнүн индустриалдык потенциалын бир убакта өнүктүрүү каралган.







