"Ас-Сафа борбору" Талас районунда бир катар мекемелерди куруп берди

"Ас-Сафа борбору" Талас районунда бир катар мекемелерди куруп берди

Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Чойбеков Талас облусундагы иш сапарынын алкагында "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин төрагасы шейх Мухаммад Аль-Шайя менен биргеликте бир катар мекемелердин ачылышына катышты. Бул тууралуу ЖКнын маалымат кызматы билдирди.

Алсак, Талас районунун Орто-Арык айылынын тургундары заманбап  фельдшердик-акушердик пунктка муктаж болуп келишкен. Ошону менен бирге эле Талды-Булак жана Манас айылдарынын эли да жаңы мечит салуу өтүнүнүчү менен кайрылышкан.

Натыйжада "Ас-Сафа борбору" коомдук бирикмесинин көмөгү менен жаңы фельдшердик-акушердик пункт жана мечиттер салынып, пайдаланууга берилди.

Ачылыш аземинде демөөрчүлөргө ыраазычылыгын айткан эл өкүлү Бактыбек Чойбеков: “Биз жигердүү кызматташып, калк турмушун жакшыртууга багытталган долбоорлорду мындан ары да ийгиликтүү ишке ашыра беребиз” – деди. Мындан тышкары, депутаттык ишмердүүлүгүнүн алкагында ушундай иштерди дагы улантыларын кошумчалады.

Мындан тышкары окуңуз

Лариса Долина батири боюнча  176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Лариса Долина батири боюнча 176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Ал мүлктүк чыгымды өндүрүп алуу боюнча доо арызын Москванын Балашиха шаардык сотуна жолдогонун соттун басма сөз кызматы билдирген. Доо арызда жоопкер катары А. Н. Цырульникова, Д. М. Леонтьева, А. И. Каменецкий жана А. Д. Основа көрсөтүлгөн. Буга чейин сот аларды өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Бишкек шаарында Lexus GX470 үлгүсүндөгү жолтандабас унаанын айдоочусу жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын(ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 14:00 чамасында унаа патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулган. Унаага орнотулган номердин ордуна "Нурайым" деген жазуусу бар

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте BRICS Pay эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктен билдиришти. Анда Кыргызстандын аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. BRICS Pay долбоору БРИКС+ форматындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик