Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Индия Кыргызстандагы долбоорлорду колдоо үчүн 126,6 млн сом грант бөлөт

Бүгүн, Экономика жана коммерция министрлигинде эки тараптуу меморандумга кол коюу аземи болду. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматынан билдиришти.

Биринчиси – Индиянын Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги жана Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги ортосунда түзүлгөн "Бишкек шаарында Кыргыз экономикалык университети (КЭУ) үчүн IT Lab түзүү" долбоору.

Экинчиси – Индиянын Тышкы иштер министрлиги, Экономика жана коммерция министрлиги жана Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгү ортосундагы "Баткен облусунун Лейлек районундагы жалпы дарыгердик практика борборунун техникалык базасын жана инфраструктурасын жакшыртуу" долбоору.

Меморандумдарга Индия тараптан Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Бирендер Сингх Ядав, Кыргыз тараптан Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Бактияр Орозов, ошондой эле Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлдүн орун басары Жаныбек Исаков кол коюшту.

Ар бир долбоорго Индия тараптан 126,6 млн сомдон грант бөлүнөт.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Кыргызстан ТМУнун экономикалык кызматташтыгын бекемдөөгө демилге көтөрдү

Бүгүн Казакстан Республикасынын Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюму (ТМУ) экономика жана соода министрлеринин 14-жыйыны болуп өттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов катышты. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Султан Ахматов өз сөзүндө мурда жетишилген макулдашууларды практикалык жактан ишке ашыруунун маанилүүлүгүн, ошондой эле экономикалык

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда Бишкектин айрым райондорунда суу өчүрүлөт

24-февралда саат 09:00дөн 21:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Өчүрүү аймагы: Октябрь көчөсү - Чыгыш ЧЧК - Аламүдүн суусу - Путепроводная көчөсү. “ХБО” суу топтомосундагы

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

Кыргызстандын тышкы карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жетти

2025-жылдын жыйынтыгы менен Кыргызстандын жалпы мамлекеттик карызы 8 млрд 920,62 млн долларга жеткени 19-февралда Финансы министрлигинин сайтына жарыяланганын "Азаттык" жазды. Өткөн жылдын жыйынтыгы менен мамлекеттик карыз ички дүң өнүмдүн (ИДӨ) 39,46% түздү. Анын ичинен 3 млрд 573,54 млн доллар ички, 5 млрд 347,8 млн

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК  футбол боюнча дүйнө чемпионатын түз көрсөтөт

УТРК 2026-жылкы футбол боюнча дүйнө чемпионатын көрсөтүүгө расмий лицензия сатып алды. Алдыдагы мундиаль тарыхтагы эң ири мелдеш болот. Кыргызстандыктар оюндарды түз эфирде жана жогорку сапатта УТРКнын каналдарынан көрө алышат. Футбол боюнча дүйнө чемпионаты FIFA 2026 11-июндан 19-июлга чейин үч өлкөдө — АКШ, Канада жана Мексикада өтөт. Бул турнир тарыхый болот: алгачкы