Абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар тартылат

Абанын сапатын жакшыртуу үчүн 50 млн доллар тартылат

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри М. Машиев Кыргыз Республикасындагы Дүйнөлүк банктын өкүлчүлүгүнүн башчысы Хью Риддл жана банктың Европада жана Борбордук Азиядагы айлана-чөйрө маселелери боюнча адистери менен жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Жолугушууда Дүйнөлүк банк өкүлдөрү Кыргызстанда экология тармагында жүргүзүлүп жаткан реформаларды жана биргелешкен долбоорлордун жыйынтыктарын жогору баалап, натыйжалуу кызматташтык үчүн ыраазычылык билдиришти.

Министр М. Машиев климаттык күн тартибин ишке ашыруу, тоо экосистемаларын коргоо жана Ысык-Көлдүн биосфералык аймагын сактоо боюнча аткарылып жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

Тараптар ошондой эле атмосфералык абанын сапатын жакшыртууга багытталган 50 млн АКШ долларлык долбоордун алкагында тазалоочу курулмаларды модернизациялоо жана биологиялык ресурстарды сактоо маселелерин талкуулашты.

Жолугушуунун жыйынтыгында экология тармагындагы кызматташтыкты мындан ары да бекемдөө боюнча макулдашууга жетишилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанда 20 сантиметр тереңдиктеги таштарды тере турган техника бар

Кыргызстанда 20 сантиметр тереңдиктеги таштарды тере турган техника бар

Бүгүн Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ЖМК өкүлдөрүн Сокулук районунун Кожомкул айылындагы көп жылдан бери чет өлкөлүк заманбап, ноу-хау айыл чарба техникаларын Кыргызстанга алып келип жаткан “Салем Агро” компаниясы менен тааныштырды.   “Салем Агро” компаниясы 2020-жылдан бери Кыргызстанга заманбап айыл чарба техникаларын алып келип фермерлерге сунуштап

Чүйдө 7 млн сомдук ОСАГО каражатын кымырып алган чет элдик жаран кармалды

Чүйдө 7 млн сомдук ОСАГО каражатын кымырып алган чет элдик жаран кармалды

Чүйдө ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу фактысы боюнча 41 жаштагы чет мамлекеттин жараны кармалды. Облустук милициядан билдиришкендей, "Ингосстрах" компаниясынын өкүлү Ы.Н. милицияга кайрылып, "Д.А.Р." жеке ишканасынын кызматкерлерине карата чара көрүү өтүнүчү менен арыз берген. Ал "Ингосстрах" компаниясынын өнөктөшү болгон "Д.

2026-жылга республикалык бюджет бекитилди: киреше 551,2 млрд сом

2026-жылга республикалык бюджет бекитилди: киреше 551,2 млрд сом

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын 2026-жылга жана 2027-2028-жылдардын пландык мезгилине республикалык бюджети жөнүндө” мыйзамга кол койду. Документ 2025-жылдын 24-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган. Мыйзам бюджеттин орто мөөнөттүү туруктуулугун камсыздоого жана 2026–2028-жылдар аралыгында мамлекеттик каражаттарды натыйжалуу пайдаланууга багытталган. Ага ылайык, 2026-жылга республикалык бюджеттин кирешелери 551 млрд 207 млн сом,

Кыргызстанда Кытай технологиясы менен акылдуу күнөсканалар курулат

Кыргызстанда Кытай технологиясы менен акылдуу күнөсканалар курулат

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министринин биринчи орун басары Жаныбек Керималиев "Бай Элим" компаниясы жана Кытай Эл Республикасынын Zhongnong Jinda (Hainan) International Trade Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Кыргызстандын аймагында жогорку технологиялуу интеллектуалдык күнөсканаларды куруу жана иштетүү боюнча инвестициялык мүмкүнчүлүктөр талкууланды.