ЖК мектептерди куруу үчүн 50 млн долларлык кредитти жактырды

ЖК мектептерди куруу үчүн 50 млн долларлык кредитти жактырды

Жогорку Кеңештин депутаттары 29-январдагы жыйында Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Мамлекеттик мектептерди куруу" фаза-2" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну үчүнчү окууда кабыл алышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Долбоордун алкагында 187,5 млн сауд риалы же 50 млн АКШ долларына барабар кредит тартылат. Каражат 25 жылдык мөөнөткө берилип, анын 5 жылы жеңилдетилген мезгилди түзөт. Жылдык пайыздык чени — 1,5%.

Кредиттик каражаттар Бишкекте 5 жаңы мектепти жана 7 кошумча окуу корпусун, ошондой эле Чүй облусунда 2 жаңы мектепти курууга багытталат. Долбоор 2026–2029-жылдары ишке ашырылат.
Ошондой эле депутаттар ОПЕК фонду менен түзүлгөн таза суу жана санитария боюнча кредиттик макулдашууну экинчи окууда кабыл алышты. Долбоор Ош, Чүй жана Ысык-Көл облустарындагы 126 калктуу конушту таза суу менен камсыздоону көздөйт.

Мындан тышкары окуңуз

Лариса Долина батири боюнча  176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Лариса Долина батири боюнча 176 млн рубль өндүрүп берүү талабын коюп сотко кайрылды

Ал мүлктүк чыгымды өндүрүп алуу боюнча доо арызын Москванын Балашиха шаардык сотуна жолдогонун соттун басма сөз кызматы билдирген. Доо арызда жоопкер катары А. Н. Цырульникова, Д. М. Леонтьева, А. И. Каменецкий жана А. Д. Основа көрсөтүлгөн. Буга чейин сот аларды өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык боюнча күнөөлүү деп таап, төрт жылдан

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Кытай компаниясы Кыргызстандын көчө жарыктарын жаңылоого кызыкдар

Бүгүн президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров Кытайдын Longteng Lighting Group Co., Ltd. компаниясынын өкүлдөрү менен жолукканын агенттиктен билдиришти. Жолугушуунун жүрүшүндө компаниянын өкүлдөрү архитектуралык жана шаардык жарыктандыруу тармагында долбоорлорду ишке ашыруу боюнча эл аралык тажрыйбалары менен тааныштырышты. Тактап айтканда, компания BRICS жана Shanghai Cooperation Organization саммиттери сыяктуу

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Айдоочу "Нурайымы" үчүн 55 миң сом айып пул төлөмөй болду

Бишкек шаарында Lexus GX470 үлгүсүндөгү жолтандабас унаанын айдоочусу жасалма мамлекеттик номер колдонгону үчүн жоопкерчиликке тартылганын Бишкек шаарынын Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын(ЖКККБ) басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 16-март күнү саат 14:00 чамасында унаа патрулдук кызматкерлер тарабынан токтотулган. Унаага орнотулган номердин ордуна "Нурайым" деген жазуусу бар

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Кыргызстанда BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү маселеси талкууланды

Инвестициялар боюнча улуттук агенттикте BRICS Pay эл аралык долбоорунун өкүлдөрү менен жолугушканын агенттиктен билдиришти. Анда Кыргызстандын аймагында чек ара аралык чекене (C2B) жана корпоративдик (B2B) эсептешүүлөр үчүн заманбап инфраструктураны түзүү максатында BRICS Pay төлөм шлюзун түзүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. BRICS Pay долбоору БРИКС+ форматындагы өлкөлөрдүн ортосундагы эсептешүүлөрдү жөнөкөйлөтүүгө багытталган борборлоштурулбаган санариптик