Ошто жолдорду оңдоп иштери улантууда

Ошто жолдорду оңдоп иштери улантууда

Оштун мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы жолдорду жана тротуарларды оңдоо иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышты. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы маалымдады.

Тактап айтканда, шаар башчысы жолду капиталдык оңдоо жана тротуарларды куруу иштери жүрүп жаткан Жогорку Увам көчөсүнө барды. Ал жердеги төшөлгөн жолдун жалпы узундугу 278 метр, туурасы – 6 метр, ал эми тротуардын туурасы – 1.5 метрди түзөт.

Жолду капиталдык оңдоодон өткөрүү менен катар ирригациялык арыктарды орнотуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Жумуштар болжол менен 10 күндүн ичинде бүтүшү керек.

Калаа башчысы эскилиги жеткен арыктарды алып салуу менен бирге аткарылып жаткан иштердин сапатына өзгөчө көңүл бурууну тапшырды.

Мындан тышкары мэр, Масалиев көчөсү менен Шамшиева көчөсү кесилишкен жерден Раззаков көчөсүнө чейинки жолдун капиталдык асфальттоо долбоору менен таанышып чыкты. Бул жерде жолдун узундугу 3 км, туурасы 22-25 метр, асфальт төшөлгөн жалпы аянты болжол менен 70 миң квадрат метр болот. Жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында бордюрларды орнотуу, заманбап жол белгилерин орнотуу мерчемделүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Оштун экс-мэри Токторбаевдин катачылыктары оңдолорун билдирди

Президент Садыр Жапаров 10-апрелде Ош шаарынын жашоочулары менен жолугушууда калаанын мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди.  Жапаров шаардагы имараттарды түрттүрүүдө кемчиликтер болгонун, мурдагы мэр бул жараянды баштардан мурун кенемте маселесин чечиши зарыл болгонун белгиледи.  Токторбаевдин бир катар жакшы иштери болгонун айткан мамлекет башчы бирок “снос өнөктүгүнө” байланыштуу

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Ош облусунда 167 дарыгер жетишпейт

Азыркы учурда Ош облусу 125 дарыгерге, Ош шаары 43 дарыгерге муктаж экенин Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. Дарыгерлердин муктаждыгын азайтуу жана саламаттык сактоо кызматкерлерин кармап калуу багытында дарыгерлердин эмгек акыларын көтөрүү, “Дарыгер депозити” программасын активдештирүү, дарыгерлер менен мугалимдердин кадыр-баркын сактоо максатында “бейбаштык” боюнча жазаларды күчөтүү сыяктуу

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Кыргызстанда киберкылмыштуулук күч алууда: сандар, себептер, схемалар жана коркунучтар

Акыркы үч жыл ичинде Кыргызстанда киберкылмыштуулуктун саны кескин өстү. Кыргызстандын Кылмыш кодексинде 300дөн ашуун кылмыштын түрү болсо, статистика боюнча жалпы кылмыштын негизги үлүшүн 2 берене: уурулук – 39% жана алдамчылык – 31% ээлейт. Мындай маалымат менен ИИМдин КИББнын Киберкылмыштарга каршы күрөш башкармалыгынын өкүлү, подполковник Чолпон Назаркулова ЖМК өкүлдөрү жана блогерлер менен болгон

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Ош шаарынын таза суу маселесине 14 млн евро бөлүнгөн

Бүгүнкү күндө Ош шаарын ичүүчү суу менен камсыздоо маселелерин чечүүдө Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы аркылуу жалпысынан 14 млн евро каралган долбоор 100% натыйжалуу бүткөрүлгөнүн Садыр Жапаров Ош шаарынын тургундары менен жолугушуу учурунда билдирди. “Эки фазадан турган бул долбоор менен шаардын таза суу жана саркынды суу тутумдары жаңыртылган. Ошондой эле