Аэропортто катталуу үчүн 45 евро төлөнөт – Wizz Air компаниясынын жүргүнчүлөрүнө эскертүү

Аэропортто катталуу үчүн 45 евро төлөнөт – Wizz Air компаниясынын жүргүнчүлөрүнө эскертүү

Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча жүргүнчүлөр онлайн аркылуу акысыз катталууга зарыл. Же болбосо аэропорттон 45 евро төлөөгө зарыл болот. Бул тууралуу «Манас» аэропорту эскертти.

Маалыматка ылайык, жүргүнчүлөр Wizz Air авиакомпаниясынын расмий сайтында акысыз катталууга мүмкүнү бар. Авиакомпаниянын шарттары боюнча учууга алдын ала катталбаган учурда, авиакомпаниянын шарттарына ылайык, аэропортто катталуу үчүн  45 евро төлөөгө зарыл болот. Аэропорттун каттоо жайларында акысыз онлайн каттоодон өтүү мүмкүн эмес.

«Эгер сиз учуу алдынан бир күн мурун сайтта онлайн түрүндө катталсаңыз, анда сиз басып чыгарылган талонду беришиңиз керек, же уюлдук телефонуңузга жол жүрүү документин (отургузуу талону) жүктөп алууңуз керек. Сиздин саякат документиңиз (отургузуу талону) сиздин учууга катталганыңызды тастыктайт.
Эгерде кандайдыр бир себептерден улам отургузуу талону көрсөтүлбөгөн учурда, авиакомпаниянын шарттарына ылайык, сиз онлайн каттоодон өтүп,  бирок тастыктоочу учуу документтерди тапшырбасаңыз да, учууга катталуу үчүн аэропортто 45 евро төлөшүңүз керек», - деп аэропорттун маалымат кызматы эскертти.

Каттам транзиттик болгон күндө дагы, Бириккен Араб Эмираттарынын визасы болушу керек.

Эске салсак, Абу-Даби – Бишкек – Абу-Даби багыты боюнча каттамдар Wizz Air Abu-Dhabi авиакомпаниясы тарабынан жумасына үч жолу – шейшемби, бейшемби жана ишемби күндөрү аткарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media