Минкаб милициянын Чолпон-Атадагы туристтик мезгилге даярдыгын текшерди

Минкаб милициянын Чолпон-Атадагы туристтик мезгилге даярдыгын текшерди

Чолпон-Атанын ипподромунда ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун ИИБдин кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Иш-чара жайкы туристтик мезгилине даярдоо жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланыштуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Такталгандай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.

Жапаров  гарнизондук саптык кароону  өткөрүү учурунда анын негизги максатына токтолуп, 2023-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи.

«Жыл сайын ушул мезгилде коопсуздукка багытталган иш-чараны өткөрүп, туристтик мезгилге даярдык көрүүнү салтка айлантканбыз. Ошондуктан, бүгүн милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерүү үчүн гарнизондук саптык кароону өткөрүп жатабыз. Анын негизинде тынчтыкты бекем сактап, бардык аймактарда эли-журтубуздун коопсуздугун камсыздап, эс алуучуларга жагымдуу шарттарды түзүүнү - приоритет катары белгилейм. Кайсы гана өлкө болбосун, өнүгүүнүн жолу туризм экендигин жакшы билесиздер», - деди Жапаров.
Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кыргыз делегациясы КМШнын саламаттык сактоо боюнча жыйынына катышты

Кадамжайда окуучуларга финансылык сабаттуулук боюнча лекция өтүлдү

Ысык-Көлдөн 800 метрлик эски балык уулоочу торлор чыгарылды

Нарындын Эмгекчил айылында 150 орундуу мектеп курулууда

Бишкекте уруксатсыз курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн курулушу токтотулду