Минкаб милициянын Чолпон-Атадагы туристтик мезгилге даярдыгын текшерди

Чолпон-Атанын ипподромунда ички иштер органдарынын бөлүктөрүнө жана Ысык-Көл облусунун ИИБдин кызматкерлерине гарнизондук саптык кароо өткөрүлдү. Иш-чара жайкы туристтик мезгилине даярдоо жана коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоого байланыштуу. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.
Такталгандай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, ички иштер министри Улан Ниязбеков катышты.
Жапаров гарнизондук саптык кароону өткөрүү учурунда анын негизги максатына токтолуп, 2023-жылкы жайкы туристтик мезгилде коомдук тартипти камсыздоо, кылмыштуулукка бөгөт коюу жана алдын алуу, ошондой эле жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо экенин белгиледи.
«Жыл сайын ушул мезгилде коопсуздукка багытталган иш-чараны өткөрүп, туристтик мезгилге даярдык көрүүнү салтка айлантканбыз. Ошондуктан, бүгүн милиция кызматкерлеринин даярдыгын текшерүү үчүн гарнизондук саптык кароону өткөрүп жатабыз. Анын негизинде тынчтыкты бекем сактап, бардык аймактарда эли-журтубуздун коопсуздугун камсыздап, эс алуучуларга жагымдуу шарттарды түзүүнү - приоритет катары белгилейм. Кайсы гана өлкө болбосун, өнүгүүнүн жолу туризм экендигин жакшы билесиздер», - деди Жапаров.








