«Мосгортранс» кыргызстандык кызматкерлеринин көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө даяр

«Мосгортранс» кыргызстандык кызматкерлеринин көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө даяр

2023-жылдын 1-июнунда Кыргызстандын РФдагы элчилигинин консулунун жана Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин катышуусунда Москванын «Мосгортранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Москвадагы консулдук билдирди.

Жыйындын жүрүшүндө кыргызстандыктарды ишке орноштуруу жана аларды жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында ишмердүүлүгүн ишке ашыруу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, ишкананын жетекчилиги «Мосгортранс» мамлекеттик ишканасындагы  кызматкерлердин иштөө шарттары тууралуу маалымат берип, ошондой эле КРнын жарандарын айдоочулукка тартууга кызыкдар экендигин билдирди.

Маалымат үчүн: 2023-жылдын май айына карата «Мосгортранс» МУИда 1000ге жакын кыргызстандык иштейт.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандан келген ишкананын кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелерин ыкчам жана натыйжалуу чечүү максатында элчилик менен «Мосгортранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткенде 791 кг мөмө-жемишти мыйзамсыз түшүрүү фактысы аныкталды

Баткен облусунун Айдаркен шаарында бажы транзитинин эрежелерин бузуу фактысы аныкталды. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдиришти. Маалыматка ылайык, 28-октябрда бажы кызматкерлери Өзбекстандын жараны башкарып бара жаткан Daewoo Damas үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Билдирүүгө караганда, унаада Өзбекстандан Кыргызстандын аймагы аркылуу Сох анклавына транзит менен жеткирилүүгө тийиш болгон жалпы салмагы 791 кг

Ишкер Media
Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казгандарга айып салынды

Ош облусунда мыйзамсыз кум-шагыл казуу фактылары аныкталып, жалпы 60 миң сом айып пул салынды. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди. Маалыматка ылайык, Кара-Суу районундагы Папан суу сактагычында жүргүзүлгөн рейд учурунда уруксат документтери жок кум-шагыл казуу фактысы аныкталып, 20 миң сом айып салынган. Ошондой

Ишкер Media
Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

Эмгек министрлиги мигранттарды реинтеграциялоону талкуулады

29-октябрда Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинде эл аралык өнөктөштөр менен жолугушуу өттү. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, жолугушууга Эл аралык жеке ишкердик борборунун (CIPE) Европа жана Евразия боюнча директору Наталия Оцел Белан жана АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Адам Тибо катышты. Тараптар 2026-2030-жылдарга кайтып келген

Ишкер Media
Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Кесиптик билим алган жаштарга жеңилдиктерди берүү долбоору сунушталды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги 2030-жылга чейинки "Кесипкөй кадрлар" программасынын долбоорун сунуштады. Анда учурда иштеп жаткан же кесиптик билим алып жаткан жаштарга бир катар жеңилдиктер каралат. Министрликтин маалыматы боюнча бул программанын алкагында кесиптик билим берүүнүн бардык деңгээлинде кеминде алты айлык милдеттүү өндүрүштүк практика киргизилет. "

Ишкер Media