«Мосгортранс» кыргызстандык кызматкерлеринин көйгөйлөрүн ыкчам чечүүгө даяр
2023-жылдын 1-июнунда Кыргызстандын РФдагы элчилигинин консулунун жана Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин катышуусунда Москванын «Мосгортранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын жетекчилиги менен жумушчу жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу Москвадагы консулдук билдирди.
Жыйындын жүрүшүндө кыргызстандыктарды ишке орноштуруу жана аларды жүргүнчүлөрдү ташуу тармагында ишмердүүлүгүн ишке ашыруу маселелери талкууланды. Тактап айтканда, ишкананын жетекчилиги «Мосгортранс» мамлекеттик ишканасындагы кызматкерлердин иштөө шарттары тууралуу маалымат берип, ошондой эле КРнын жарандарын айдоочулукка тартууга кызыкдар экендигин билдирди.
Маалымат үчүн: 2023-жылдын май айына карата «Мосгортранс» МУИда 1000ге жакын кыргызстандык иштейт.
Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстандан келген ишкананын кызматкерлеринин көйгөйлүү маселелерин ыкчам жана натыйжалуу чечүү максатында элчилик менен «Мосгортранс» мамлекеттик унитардык ишканасынын өз ара аракеттенүү тартиби макулдашылды.