Баткенде 10 км аралыкка таза суу тартуу долбоору башталды

Баткенде 10 км аралыкка таза суу тартуу долбоору башталды

Баткен шаарынын Чет-Булак жаңы конушуна «Дүйнөлүк эмират» кайрымдуулук уюмунун  колдоосу менен 10 км аралыкка таза суу тартуу долбоору ишке ашты. Бул тууралуу КРнын президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, курулуштун жалпы суммасы 75 миң долларды түзөт. Долбоордун алкагында 1000кубдук суу кампасын куруу да каралган.

Таза суу курулушун үч айдын ичинде,сентябрь айына чейин  бүткөрүү пландалган. Натыйжада Чет-Булак аймактык башкармалыгынын калкы 24 саат бою таза суу менен камсыз болот.

Курулушка Баткен шаарынын жергиликтүү бюджетинен да 3млн сом каражат ажыратылган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген