Бишкек мэриясы суу боюнча абалды жакшыртууга план иштеп чыкты

Бишкек мэриясы суу боюнча абалды жакшыртууга план иштеп чыкты

«Бишкексууканал» башкармалыгы өзүнүн компетенциясынын чегинде кырдаалды турукташтыруу боюнча чараларды көрөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын абоненттеринен тышкары, аймагында 32 калктуу конуш жайгашкан Чүй облусунун Сокулук жана Аламүдүн райондорунун 9 айыл аймагы шаардык суу түтүктөрүнөн ичүүчү таза суу менен камсыз болду.

Учурда Бишкек шаарын суу менен камсыздоону жакшыртуу боюнча төмөнкү маселелер иштелип чыгууда:

· «Баш-Карасуу», «Сельский», «Контррезервуар» суу алгычтарын кеңейтүү үчүн скважиналарды бургулоо жана суу жана электр тармактары менен түтүктөрдү өткөрүү үчүн кошумча жер участокторун бөлүп берүү;

· Көк-Жар айыл аймагын, ошондой эле Ак-Кол жана Ачыкей конуштарын камтуу менен 3-4 скважинаны бургулоо үчүн жергиликтүү суу алгычты долбоорлоо жана куруу үчүн Көк-Жар айыл өкмөтүнүн аймагынан Аламүдүн дарыясынын жайылмасынан жер тилкесин бөлүп берүү.

Мындан тышкары, жашыл аянттарды сугаруу, күндүзгү таза сууну сарамжалсыз пайдалануу боюнча рейддер жүргүзүлүүдө. Май жана июнь айларына ичүүчү сууну мыйзамсыз пайдалануу фактыларын аныктоо боюнча контролдук графиктер бекитилди.

Рейддер башталгандан бери 22 515 абонент текшерилди. Ошол эле учурда 187 мыйзам бузуу аныкталып, анын ичинен 171 кожолук турак жайлардын аймагында жайгашкан. Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча актылар түзүлүп, айып пул өндүрүлөт.

Жер астындагы суулуу катмарды толуктоо максатында бүгүнкү күндө Аламүдүн суу чарба башкармалыгы 7 көлдү толтурууга  Чоң-Алыш каналы аркылуу көлөмү 550-600 л/сек сууну берүүдө.

Ошондой эле Түштүк-Батыш суу алуучу жайынан Адышев көчөсүнө чейин 1 км узундуктагы суу түтүгү курулат, бул Арча-Бешик конушуна, Жал кичи районуна жана Садырбаев көчөсүнүн боюндагы аймакка болжол менен 300 м3 суу жиберүүгө мүмкүндүк берет. Азыр тендердин жыйынтыгы менен жеңүүчүнү аныктоо жүрүп жатат.

Скрябин, Горький, Жукеев-Пудовкин көчөлөрүн, Аламүдүн дарыясы, Көк -Жар, Улан -2 кичирайондор менен чектешкен аймактарды ичүүчү суу менен камсыз кылууну көбөйтүүгө мүмкүндүк берүүчү Көк-Жар суу алгычында 2-баскычтагы насостук станциясын куруу пландалууда.

Арча-Бешик конушундагы Абдрахманов көчөсүнөн Жайыл баатыр көчөсүнө  чейин Айылчиев көчөсүнө суу түтүгүнүн курулушу аяктоо алдында турат. Бул Жайыл Баатыр көчөсүнөн төмөн жайгашкан Арча-Бешик конушундагы сууну көбөйтөт.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media