Кийинки кургакчылык цикли 2025-жылы келип калышы ыктымал

Кийинки кургакчылык цикли 2025-жылы келип калышы ыктымал. Бул тууралуу Суу ресурстары кызматынын директору Алмазбек Сокеев ЖМК менен маегинде айтып берди.
Анын айтымында, кургакчылыктын цикли 5-6 жылдан кыскарганы байкалууда.
«Негизи кургакчылык цикли 6-12 жылда бир кайталанып турат. Бирок климаттын өзгөрүшүнөн улам суу тартыш болгон жылдардын аралыгы кыскарууда. Мисалы, 2020-жыл жана 2021-жылда кургакчылык болду. Быйыл дагы ошондой эле көрүнүш болуп жатат», - деди Сокеев.
Сокеев белгилегендей, кургакчылык цикли мурда 5-6 жылда бир кайталанса, азыр эки жылда эле келип калып жатат. Ошондон улам 2025-жылы дагы аба ырайына байланыштуу суу тартыш болушу ыктымал.
«Азыртан даярдык көрүлүп, бул багыттагы башталган реформаларды, курулуштарды жыйынтыктап жетишүү зарыл. Быйыл дагы миллиард сомго чукул каражат каралары болжолдонуп, анын 30% бөлүндү», - деп кошумчалады Сокеев.