Борбор калаанын мэриясы курулуп жаткан бала бакчаларды көрсөттү

Борбор калаанын мэриясы курулуп жаткан бала бакчаларды көрсөттү

Бишкектин мэриясы ЖМКга конуштардагы бала бакчалардын курулушунун жүрүшүн көрсөттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Биринчи объект Калыс-Ордо конушу болду, анда 140 орундуу жана 7 тайпага ылайыкташкан бала бакчанын курулушу башталган. Имараттын аянты 1390 м2, аянты 0.68 га.

Долбоор боюнча имаратта уктоочу бөлмөлөр, оюн - зоок бөлмөлөрү, буфет, ашкана,  жуунуч бөлмөлөрү, медициналык кабинет, кызматкерлердин бөлмөсү, музыкалык-гимнастикалык зал, кампалар жана техникалык жайлар жайгашкан. Бала бакчаны шаардык бюджеттин эсебинен подрядчы – «Арай» ЖЧКсы куруп жатат.

«Дордой» конушунда учурда подрядчы тарабынан курулуш-монтаждоо иштери, имараттын ички жасалгасы, откананы монтаждоо иштери бүткөрүлдү. Жер участогунун аянты 0.57 га, ал эми жайдын аянты 1600 чарчы метр.

Мектепке чейинки билим берүү мекемеси 140 орунга эсептелген эки блоктон турат. Имаратта уктоочу, оюн-зоок, кампа, ашкана, жуунуу, медициналык кабинет, кызматкерлер бөлмөсү, кампалар жана техникалык бөлмөлөр каралган. Подрядчы — «Монолит Строй» ЖЧКсы.

Көк-Жар конушунда 280 орундуу бала бакчанын курулушу уланууда. Мектепке чейинки билим берүү мекемеси эки кабаттуу, жер төлөсү жок. Имараттын жалпы аянты 2927 чарчы метрди түзөт. Ал эми жер тилкесинин аянты 0.8 гектарды түзөт.

Имаратта, кийинүү, оюн, кампа, уктоочу, медициналык кабинет, тамак-аш сактоочу жай, ашкана, медициналык, изоляциялык, ар бир топ үчүн кампа, тазалоо шаймандары үчүн кампа, ошондой эле машыгуу залы, музыкалык зал каралган.

Учурда котлованды казуу, пайдубалдын негизин жана тирөөч дубалдарын орнотуу жумуштары аяктады.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1