Жалал-Абадда 9 кабатту үйдү курууга мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иш козголду

Жалал-Абадда 9 кабатту үйдү курууга мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иш козголду

Жалал-Абадда 9 кабатту үйдү курууга мыйзамсыз корутунду чыгарган архитекторлорго кылмыш иш козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.

Маалыматка ылайык, Жалал-Абад шаарынын прокуратурасы тарабынан «Шаар куруу жана архитектура жөнүндө» мыйзамынын талаптарынын аткарылышы боюнча текшерүү жүргүзүлдү.

«Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин алдындагы Мамлекеттик экспертиза департаментинин мамлекеттик экспертизасынын корутундусу жок Жалал-Абад шаарында жеке менчик жер тилкесинде 9 кабаттуу турак үйдүн жана 3 кабаттуу соода борборунун курулуш иштери уруксатсыз жүргүзүлгөндүгү аныкталган», - деп мекеме белгиледи.

Жалал-Абад областтык шаар куруу жана архитектура башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, курулушу бүтүп жаткан объектилердин курулушуна мыйзамсыз түрдө архитектуралык-шаар куруу корутундуларын түзүшкөн.

Аталган факты боюнча шаардык прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) жана 214-беренеси (“Өзүм билемдик”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттери жүргүзүлүүдө.

Read more

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

«Альянс Алтын» Талас шаарынын муниципалдык мекемелери менен тегерек стол өткөрдү

2025-жылдын 29-январында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен Талас шаарынын мэриясынын муниципалдык мекемелеринин жетекчилери катышкан тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Бул иш-чарага компаниянын Коомчулук менен байланыш кызматынын өкүлдөрү да катышып, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду тарабынан облустун борборундагы социалдык инфраструктураны жакшыртуу үчүн көрсөтүлүп жаткан жардамдар жөнүндө маалымат

Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүйдүн иши менен таанышышты

Шумкар-Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүйдүн иши менен таанышышты

Шумкар- Уя айылдык кеңешинин депутаттары Жерүй алтын кенине иш сапары менен барышты. Депутаттар ишканадагы өндүрүштүк процесстер менен таанышып, жеринде баа беришти. Бул тууралуу «Альянс Алтын» ишканасынын маалымат кызматы билдирди. Иш сапардын алкагында эл өкүлдөрү алтын сактоочу фабриканын жана калдык сактоочу жайдын ишин жакындан көрүп, «Альянс Алтын» компаниясынын кызматкерлеринен маалымат алышты.

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Таластын чек арачыларына жардам берди

Талас облусундагы «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу «Альянс Алтын» өнүктүрүү фондунун басма сөз кызматы билдирди. Такталгандай, 2017-жылы фонддун каржылык колдоосу менен кыргыз-казак чек арасында жайгашкан «Чоң-Капка-автожол» көзөмөл өткөрмө пунктунда реконструкциялоо иштери жүргүзүлгөн. Алсак заманбап үлгүдөгү стелла тургузулуп, чек-аранын кире беришиндеги структуралык арканын эки бетине кечкисин жануучу