Монголиядагы эң ири жез комбинаты Кыргызстанга металл казууга жардам бериши мүмкүн

Монголиядагы эң ири жез комбинаты Кыргызстанга металл казууга жардам бериши мүмкүн

Монголиянын "Эрдэнэт" жез-молибден комбинаты Кыргызстанда биргелешкен тоо-кен долбоорлорун ишке ашырууга тартылышы мүмкүн. Бул тууралуу президент Садыр Жапаровдун бүгүн, 10-июлда Монголиядагы "Эрдэнэт" заводуна болгон сапарынын алкагында айтылды.

Берилген маалыматка таянсак, мамлекет башчысына "Эрдэнэт" заводу Азиядагы жез-молибден рудасын казып алуу жана байытуу боюнча эң ири ишкана деп эсептелээри, жылына 40 млн тоннага жакын руданы кайра иштетип, 580 миң тоннанын тегерегинде жез концентратын жана 6 миң тонна молибден концентратын өндүрүп жаткандыгы жөнүндө маалымат берилди.

Заводго барганда кыргыз делегациясы заводдун техникалык-технологиялык кайра өзгөрүүлөрүн, тактап айтканда, Монголиянын "Эрдэнэт" кенинин рудасынан жезди алып чыгаруу боюнча алдыңкы технологияларды колдонуудагы тажрыйбасы менен таанышты.

Садыр Жапаров Кыргызстандын экономикасында Монголиянын экономикасындай эле тоо-кен тармагы да өзгөчө орунду ээлей турганын белгиледи.

"Мамлекет башчысы тоо-кен жана геологиялык багыттар боюнча адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, геология жана тоо-кен тармагынын ар кыл актуалдуу жана келечектүү багыттары боюнча биргелешкен илимий изилдөөлөр жана алмашуу жаатында кызматташууга кызыкдар экендигин билдирди", - дейт президенттин маалымат кызматы.

Ошондой эле Жапаров "Эрдэнэт" заводунун жетекчилигине Кыргызстандын компетенттүү түзүмдөрү менен биргеликте тараптар үчүн өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча өз ара аракеттенүү чөйрөлөрүн жакшылап ойлонуштурууну сунуштаганы айтылат.

Мындан тышкары окуңуз

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media
Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media
Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media