Салык кызматы сентябрга чейин кайсы салыктарды төлөө керектигин эскертти

Салык кызматы сентябрга чейин кайсы салыктарды төлөө керектигин эскертти

Мамлекеттик салык кызматы бир катар салыктарды төлөө мөөнөтү жакындаганын эскертет.

Ушул жылдын 1-сентябрына чейин төмөнкүлөрдү төлөө керек:

· транспорт каражатына салык,

· турак үй, батирге салык (ишкердик иш үчүн пайдаланылбаган),

· үй жанындагы, короо-жай жанындагы жана бак-чарба жер участокторуна салык.

Салыкты өз убагында төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактарга 1000 сом, юридикалык жактарга 5 миң сом суммасында айып каралган.

Салыктарды салык органына барбай эле онлайн төлөөгө болот. Булар – бардык банк мекемелериндеги кассалар, почта бөлүмдөрү, төлөм жана POS-терминалдар, мобилдик жана интернет-банкинг, төлөм карталары же башка перифериялык түзүлүштөр.

Салык төлөө учурунда тиешелүү реквизиттерди терүү зарыл. Транспорт салыгы үчүн мүлк катталган район же шаар, ээсинин ИСНи, транспорттун мамлекеттик номери жана салыктын суммасы, турак жай жана үй жанындагы жер участоктун салыгы үчүн – мүлк жайгашкан район, шаар же аймак, ээсинин ИСНи жана салыктын суммасы көрсөтүлөт.

Толук маалыматты жергиликтүү салык органдарынан, ошондой эле 116 номеринен же www.sti.gov.kg сайтынан алууга болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте аянты 12 000 чарчы метрди түзгөн спорт академиясы курулууда

Кыргызстан менен АКШнын кызматташуу маселелери сүйлөшүлдү

Ошто 2150 түп павловния көчөтү отургузулду

Бишкекте таштанды чыгаруу акциясында 198 тонна таштанды чыгарылды

Кыргызстанда 82 миң гектар аянттагы сугат кызматтарынын сапаты жакшыртылат