Ысык-Көлдө боз үйлөрдүн кароо-сынак фестивалы өтөт

Ысык-Көлдө боз үйлөрдүн кароо-сынак фестивалы өтөт

Ысык-көл облусунун Кызыл -Туу айылында «Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы» эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

2023-жылдын 15-16-июль күндөрү Тоң районуна караштуу Кызыл -Туу айылында «Кызыл-Туу – уз-чеберлер шаарчасы» аталышындагы эл аралык кароо-сынак фестивалы өтөт.

Фестиваль кароо-сынак 7 багыт боюнча өткөрүлөт:

· «Кан боз үй»;

· «6 канат боз үй»;

· «Тарыхый жасалгалуу боз үй»;

· «Шамдагай – жигиттер арасында боз үйдү тез тигүү»;

· «Шамдагай – кыз келиндер арасында боз үйдү тез чечүү»;

· «Тал аарчуу»;

· «Чий согуу»;

Сынактардын бекитилген жобосуна ылайык, ага түрк тилдүү элдердердин өкүлдөрү, өлкө аймагындагы облус жана шаарлардын кол өнөрчүлөрү, көркөм өнөр буюмдарын өндүрүү менен алектенген жеке ишкерлер, чыгармачыл индустриянын өкүлдөрү, чакан ишканалар, кооперативдер ж.б. каалоочулар катыша алышат. Катышуучулар 2023- жылдын 14-июль күнү кечки саат 18:00гө чейин бул шилтемеге кирип, катталуусу шарт.

Өтүү убактысы: 15-16-июль, саат: 10:00. Байланыш үчүн: е-mail: tolosunb@gmail.com. Тел.: +996 700 411 011, +996 700 394 041.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркияга болгон сапары аяктады

Садыр Жапаровдун 29-30-октябрда Түркия Республикасына болгон иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул туурасында "Ынтымак Ордодон" кабарлашты. Сапардын биринчи күнүндө Садыр Жапаров ТМУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлери менен бирге Анкара шаарындагы "Бештепе" Түрк мамлекеттеринин цивилизациясы паркына барды. Андан соң лидерлер бак отургузуу аземине катышып, уюмга

Ишкер Media
Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү

Кыргызстанда 2026-жылдын тогуз айында 7 миң 552 адам пробациялык көзөмөлдөн өттү. Башкы прокуратурадан билдиришкендей, анын ичинен көзөмөл талаптарын бузган 106 адамга карата эркиндигинен ажыратуу жазасы аткарууга жөнөтүлгөн. "Учурда пробация органдарынын ишин жакшыртуу, көзөмөлдүн натыйжалуулугун жогорулатуу жана санариптештирүү багытында иштер уланууда. 2025-жылдын 19-мартында тиешелүү мамлекеттик органдар электрондук

Ишкер Media