Бишкекте жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Бишкекте жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

«Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери Ленская көчөсүнө асфальт-бетон аралашмасын төшөй башташты. Бул тууралуу шаардык мэриясынын маалымат кызматы билдирди.

Жолду оңдоо иштери көчөнү изилдөөдөн кийин, тагыраак айтканда, эски асфальтты алуудан кийин башталган. Оңдоо иштери ЧЧКдан  Фучик көчөсүнө чейин жүргүзүлүүдө. Бул көчөнүн жалпы узундугу 1050 погон  метрди,  жолдун жүрүүчү бөлүгүнүн туурасы 10 метрди түзөт.

Белгилей кетсек, буга чейин жолго асфальт төшөө үчүн даярдык иштери аяктап, бордюрлар жана ирригациялык система орнотулган.

Учурда асфальт-бетон аралашмасынын биринчи катмарын төшөө иштери башталды. Иштер аяктагандан кийин люктар жолдун деңгээлине көтөрүлүп, асфальттын экинчи катмарын төшөө иштери башталат.

Жолдун өтүүчү бөлүгү ачылган соң, тротуарды уюштуруу иштери башталат.

Мындан тышкары окуңуз

Ири суммадагы акча талап кылгандар кармалды

Ири суммадагы акча талап кылгандар кармалды

Милиция кызматкерлери өзгөчө ири өлчөмдө опузалап талап кылууга тиешеси бар адамдар тобунун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюшканын ИИМдин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, милицияга Ж.З. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Анын айтымында, өздөрүн Хамза жана Али деп тааныштырган белгисиз адамдар маркум уулунун буга чейин болгон карызын шылтоо кылып, андан 7

Альтернативдик кызматтан 750 млн сом түшкөн

Альтернативдик кызматтан 750 млн сом түшкөн

2024-жылы альтернативдик кызматтан 714 млн сом киреше түшкөнүн коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Шаршеев Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Ал белгилегендей, альтернативдик кызматтан өткөн жарандардын так санын айтуу кыйын, анткени учурда аскердик мезгилге даярдык жана толуктоо иштери жүрүп жатат. Коргоо министрлигинин алдын ала

Альтернативдик кызмат өтөөакысын жогорулатуу  мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Альтернативдик кызмат өтөөакысын жогорулатуу мыйзам долбоору биринчи окуудан өттү

Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитети "Жалпы аскердик жана альтернативдүү милдет өтөө жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү тууралуу долбоорду карады. Отурумга Коргоо министрлигинин өкүлдөрү келип, маалымат беришти. "Бир айлык кызматка барып, милдет өтөп, аскер билетин алуу үчүн 50 миң сом алынат. Бирок бул акча

Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы Кыргызстанга 50 млн доллар бөлөт

Финансы министрлиги Жогорку Кеңештин финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстан менен Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын ортосундагы кредиттик макулдашуунун долбоорун тааныштырды. Финансы министринин орун басары Нурбек Акжоловдун айтымында, Дүйнөлүк банк буга чейин 120 млн доллар бөлгөн "Кыргыз Республикасында микро-, чакан жана орто ишканалар үчүн туруктуу финансылык