Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабы бүттү

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы жолдун бир тарабы бүттү

Балыкчы – Чолпон-Ата – Корумду унаа жолунун 10-23-чакырым аралыгындагы (Сары-Камыш айылынан Тору-Айгыр айылына чейинки аралыгы) жолдун бир тарабы бүткөрүлүп, экинчи тарабы асфальтталууда. Бул тууралуу Транспорт министрлиги кабарлады.

Такталгандай, учурда жол курган компаниянын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Буга чейин Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев жогоруда аталган жолго бир нече ирет барып, туристтик мезгилде келген коноктордун жана жергиликтүү калктын ыңгайы үчүн жумушту тездетүү тапшырмасын берген.

Белгилей кетсек, Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду унаа жолунун жалпы узундугу 104 чакырымды түзөт. Анын 96 чакырымына калыңдыгы 9 см болгон асфальтобетондун төмөнкү катмары төшөлүп, 8 чакырымына төшөө жумуштары калды. Ал эми 81 чакырым жолго калыңдыгы 6 сантиметрди түзгөн асфальтобетондун жогорку катмары төшөлүп бүттү.

Read more

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластын жаш ишкерке «Альянс Алтын» колдоо көрсөттүү

Таластык жаш ишкер Бермет Мусаевага жеңилдетилген пайыз менен насыя берилди жана «Хонда стрим» үлгүсүндөгү автоууна гранттык түрдө тапшырылды. Каражат «Альянс Алтын өнүктүрүү фондунан» жумшалды. Бул тууралуу фонддун маалымат кызматы билдирди. Ишкер айымга колдоо көрсөтүүгө «Альянс Алтын өнүктүрүү фондуна» республикалык «Региондорду өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк» коомдук фондунан кайрылуу түшкөн. Аталган кайрылууну

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда

Шылуундар «Альянс Алтындын» атын колдонууда. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Такталгандай, шылуундар WhatsApp аркылуу билдирүүлөрдү таратып, өздөрүн «Альянс Алтын» ЖЧКсынын башкы директору же кызматкери катары тааныштырышууда. Алтын сатып алууну же компаниянын атынан каржылык операцияларга катышууну сунушташууда. «Булар алдамчылар! Ишенбеңиз! «Альянс Алтын» ЖЧКсы жеке адамдарга алтын сатпайт жана мессенджерлер аркылуу

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы «Альянс Алтын» бюджетти 9.3 млрд сомго толуктаган

2024-жылы Кыргызстандын экинчи ири алтын өндүрүүчү «Алтын Альянс» компаниясы өлкө бюджетине 9.3 млрд сом салык которду, анын ичинде декабрда 883 млн сом. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Компаниянын маалыматы боюнча, 2015-жылы долбоор башталгандан бери компаниянын жалпы салык төлөмдөрү 24.3 млрд сомдон ашты. Көрсөтүлгөн мезгилде Талас алтын кен

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» кенчилери үчүн билим берүү курстары иштелип чыгат

«Альянс Алтын» компаниясынын жетекчилери жана инженердик кызматкерлери үчүн окуу курстары иштелип чыгат. Бул тууралуу КРСУ менен «Альянс Алтын» ЖЧКсынын ортосундагы 2024–2026-жылдарга кызматташуунун жол картасын түзүү учурунда белгилүү болду. Ишкананын маалымат кызматы белгилегендей, Жол картасы билим берүү, илим жана кадрлардын кесиптик деңгээлин жогорулатуу жаатында кызматташуунун негизги багыттарын аныктайт. Анын максаты