Унаа жуучу жайларга салынган чектөөлөр алынды
Борбордогу калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун абалы турукташып калды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди. Такталгандай, Ала-Арча суусу жана Чоң-Алыш каналы аркылуу жер үстүндөгү суунун жетишээрлик көлөмдө агып киришине байланыштуу «Орто-Алыш» башкы суу топтомосунун бардык азыктандыруучу көлдөрү толтурулду. Башкы суу топтомодон берилген ичүүчү суунун агып түшүү топтому май айынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу

Борбордогу калкты ичүүчү суу менен камсыздоонун абалы турукташып калды. Бул тууралуу Бишкектин мэриясы билдирди.
Такталгандай, Ала-Арча суусу жана Чоң-Алыш каналы аркылуу жер үстүндөгү суунун жетишээрлик көлөмдө агып киришине байланыштуу «Орто-Алыш» башкы суу топтомосунун бардык азыктандыруучу көлдөрү толтурулду.
Башкы суу топтомодон берилген ичүүчү суунун агып түшүү топтому май айынын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу 900-1000 м3/саатка көбөйгөн. Азыркы учурда суу топтомодогу бардык скважиналар штаттык режимде иштеп жатат.
Бишкек шаарынын калкын ичүүчү суу менен камсыз кылуудагы туруктуу кырдаалды эске алуу менен жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөр 2023-жылдын 25-июлунан баштап алынып салынды.