Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат

Төө-Ашуудагы тоннелге киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат

Төө-Ашуудагы Кусейин Көлбаев атындагы тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштери аяктады. Эми жол сызыктары чийилип бүтсө, унаа кыймылына киргизилген чектөөлөр 6-августка жетпей алынат. Бул тууралуу Транспорт министрлиги билдирди.

1-августа дренаж казылган жердин ордуна, ошондой эле кошумча айрым жерлерге асфальт басылат. Чектөөлөр 2-август күнү саат 16:00дон кийин алынышы болжолдонууда. Азырынча мурдагы график күчүндө турат.

Ошондой эле, буга чейин тоннель кызматына айлана-чөйрөнү, тоннелдин кире бериш жерлерин көрктөндүрүү боюнча тапшырма берилген. Жакынкы күндөрү иштер башталат, ал учурда унаалар үчүн эч кандай чектөөлөр болбойт.

Белгилей кетсек, буга чейин тоннелдин жолуна асфальт төшөө иштерине байланыштуу унаа кыймылына чектөөлөр киргизилип, жол 26-июлдан 6-августка чейин 10 сааттан ашык жабыла турганы маалымдалган.

Акыркы жолу 2000-жылдары оңдоп-түзөөдөн өткөн тоннель быйыл Транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаевдин тапшырмасы менен реконструкцияланып, жолуна асфальт төшөлдү. Бүгүнкү күнгө дейре тоннелдин электр чубалгылары толук алмаштырылып, прожекторлору орнотулду. Ошондой эле, актоо процесси, тоннелдин бетон плиталарын жана эски асфальтты сыйрып тазалоо иштери жүрдү.

Read more

Элдик комиссия Жерүйгө барды

Элдик комиссия Жерүйгө барды

2024-жылдын 19-сентябрында «Альянс Алтын» компаниясынын демилгеси менен «Жерүй» кенин иштетүүнү көзөмөлдөө боюнча элдик комиссиянын төрагасы Айдарбек Момунтаев баштаган делегация алтын ылгоочу фабриканын калдык сактоочу жайынын экинчи баскычынын курулуш процесси менен таанышышты. Бул тууралуу ишкана билдирди. Делегация компаниянын өкүлдөрү менен кошо биринчи баскычтагы калдык сактоочу жайды карап чыгып, андан соң экинчи

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

Жыл башынан бери «Альянс Алтын» бюджетти 4.3 млрд сомго толуктады

2015-жылдан 2024-жылдын май айына чейин «Альянс Алтын» компаниясы Кыргызстандын бюджетине 20.46 млрд сом салык төлөдү. Алардын ичинен 2024-жылдын август айында 814.6 млн сом төлөнүп, жыл башынан бери бул сумма 4.3 млрд сомду түздү. Бул тууралуу ишкананын маалымат кызматы билдирди. Мындан тышкары, 2021-жылдын апрелинен 2024-жылдын май айына чейин

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелери аркылуу россиядан акча которуулар

Sendy жана «Мир Привилегий» тиркемелеринин жардамы менен акча которуулар дароо сиздин картаңызга кыргыз сому менен чегерилет. Жөнөтүүчү тиркемелердин биринде сиздин картаңыздын номерин киргизип, Компаньон Банкын тандашы керек. Акча которуулардын артыкчылыктары: * Комиссия 0%* * Которуулар бир заматта чегерилет * Ыңгайлуу конверсия курстары «Мир Привилегий» тиркемеси аркылуу которууну кантип жөнөтсө болот: * "Рекомендуем"

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Жерүй дарыясына ГЭС курулат – долбоорду «Альянс Алтын» колдойт

Талас облусундагы Жерүй ГЭСин «Альянс Гидро» жана РКӨФ компаниялары курат. Тараптардын ортосундагы келишимге 12-сентябрда Ысык-Көлдө өткөн VI Кыргыз-Орус экономикалык форумунда кол коюлган. «Альянс Гидро» компаниясынын жетекчиси Александр Абрамов белгилегендей, тараптар ГЭСтин курулушун 25 млн долларга каржылоо боюнча келишимге кол коюшту, анын кубаттуулугу жылына 100гө жакын мегаваттка чейин жетет, жылына 1