2027-жылдан баштап пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат

2027-жылдан баштап пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат

Кыргызстанда 2027-жылдын 1-январынан тартып полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды өндүрүүгө, сатууга жана акысыз берүүгө тыюу салынат. Президент Садыр Жапаров «КРнын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө» мыйзамына кол койду.

Кабыл алынган Мыйзам полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды жүгүртүүгө (ташып кирүүгө, өндүрүүгө, пайдаланууга, сатууга) тыюу салууну киргизүүгө багытталган чектөөчү чараларды белгилөө жолу менен Кыргыз Республикасынын аймагында полимер материалдарынын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтууга багытталган.

Алсак, 2027-жылдын 1-январынан тартып бүтүндөй Кыргыз Республикасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды (экспорт үчүн өндүрүлүүчү пакеттерди, ошондой эле турумуш-тиричиликте колдонуу үчүн био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычтары жок жана рулондоп сатылуучу пакеттерди кошпогондо) өндүрүүгө, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды сатууга, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын түрлөрүнүн бирин соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө акысыз берүүгө тыюу салынат.

Ошол эле учурда, кабыл алынган Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин:

– Ысык-Көл облусунун курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдардын бардык түрлөрүн абсолюттук жүгүртүүгө тыюу салынат;

– Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди (жеке адамдар товарларды жана жеке буюмдарды ташууда жана таңгактоодо жеке пайдалануу үчүн алып келген пакеттерди, ошондой эле товарларды пломбаланган жүк отсектерде транзиттик алып өтүүнү кошпогондо) жана пластик буюмдарды ташып кирүүгө, полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды пайдаланууга жана сатууга, соодада жана кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды акысыз берүүгө тыюу салынат.

Ошону менен бирге, 2024-жылдын 1-январынан тартып Кыргыз Республикасынын өзгөчө корголуучу жаратылыш жана биосфералык аймактарында полимер пленкасынан жасалган пакеттерди жана пластик буюмдарды (экспорт үчүн өндүрүлүүчү пакеттерди, био-чирип кетүүчү полимер материалдардан жасалган, кармагычтары жок жана турумуш-тиричиликте колдонуу үчүн сатылуучу пакеттерди кошпогондо) өндүрүүгө тыюу салынат.

Кабыл алынган Мыйзамдын 3-беренесинин 1-бөлүгү менен жүгүртүүгө тыюу салынган пластик буюмдардын тизмеги аныкталган: бир жолу колдонулуучу пластик идиштердин бардык түрлөрү; тамак-аш үчүн бир жолу колдонулуучу пластик идиш; ПЭТ (полиэтилентерефталат, РЕТ) пластик бөтөлкөсү; жумуртка үчүн пластиктен жасалган бир жолу колдонулуучу идиш; кофе үчүн пластик капсулалар; азык-түлүк үчүн сумка тор баштыктар.

Мындан тышкары окуңуз

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Англия кыргызстандыктар үчүн сезондук иштерге квотаны көбөйтөт

Кыргызстан эмгек миграциясы тармагында Улуу Британия менен кызматташууну кеңейтүүнү көздөп жатканын Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, бул маселе 3-апрелде Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев менен Улуу Британиянын Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Николас Боулердин жолугушуусунда талкууланды. Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз тарап Улуу Британияда иштөөнү каалаган Кыргызстандын жарандарына квоталар

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Куралдуу күчтөрдүн жаңы штабынын курулушу башталды

Бүгүн Куралдуу күчтөрдүн 8-гвардиялык мотоаткычтар дивизиясынын жаңы штабынын курулушуна капсула салуу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Коргоо министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, салтанаттуу иш-чарага коргоо министри Руслан Мукамбетов катышып, куттуктоо сөзүн сүйлөдү. Азем дивизиянын өздүк курамынын катышуусунда өткөрүлдү. Министрликтен белгилешкендей, капсула салуу аскердик инфраструктураны өнүктүрүүнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоонун маанилүү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Кыргызстан Иранга 129 тонна гуманитардык жардам жөнөттү

Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен Кыргыз элинин атынан Иран Ислам Республикасына жөнөтүлгөн гуманитардык жардам кербени Өзбекстан Республикасынын аймагына жетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти. Жети оор жүк ташуучу унаадан турган колоннаны Өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары, полковник Алмаз Асанов жетектөөдө. Ал эми гуманитардык жардамды жеткирүү процесси Өзгөчө кырдаалдар

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Мэрдин катышуусунда Бишкекте 740 дарак отургузулду

Бишкек шаарындагы "Адинай" паркында борбор калаанын мэриясынын борбордук аппаратынын кызматкерлери Октябрь райондук администрациясынын өкүлдөрү менен биргеликте массалык дарак отургузуу иш-чарасын өткөрүштү. Иш-чарага шаар мэри Айбек Джунушалиев катышты. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Ошондой эле бул иш-чарага Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Бекжан Усеналиев да катышты. Анын алкагында "Адинай"