Эми Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот

Эми Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот

Кыргызстанда эт азыктарынын сапатын QR-код аркылуу текшерсе болот. Айыл чарба министрлигине караштуу Ветеринария кызматы этти сатып алардан мурун QR кодун сканерлеп, сапатын жана сактоо мөөнөтүн текшерүүгө мүмкүндүк берүүчү идентификациялык системаны ишке киргизди.

Аталган министрликтин маалымтына таянсак, эми ар бир жаран базардагы мал этинин сапатын, малдын союлган күнүн QR-код аркылуу текшерип билсе болот.

"Эттин сапатын, малдын жашын, кайдан келгенин, качан союлганын, ал тиешелүү ветеринардык – санитардык талаптарга жооп береби же жокпу мунун баардыгын ар бир жаран QR-код аркылуу көрө алат", - деп айтылат маалыматта.

Мындай ыкма эт продукциясынын союлган жеринен баштап, канча жолу ветеринардык экспертизадан өткөндүгү жана бул мал этин сатууга уруксаты барбы деген сыяктуу маалыматтардын баарын камтыйт.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Кантта 5 жылда үч ири ишкана ачылган

Коопсуздук талаптарын сактабаган компанияга 200 миң сом айып пул салынды

ТИМ башчысы Кулубаев Астанадагы саммитке катышты

Азымбакиев Дүйнөлүк соода уюмунун Башкы директоруна ишеним грамоталарын тапшырды

Бишкекте 16 жер тилкеси кайрадан аукционго коюлду