«Киргизия-1» конушунун тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна каршы

«Киргизия-1» конушунун тургундары көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна каршы

Бишкек шаарынын мэринин орун басары Нурдан Орунтаев «Киргизия-1» конушунун жашоочулары менен жеке үйлөрдүн жанында курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөрдүн маселеси боюнча жолугушту. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Ошондой эле жолугушууга Бишкек шаардык кеңештин депутаты Таалай Темиркулов, «Бишкекбашкыархитектура» муниципалдык ишканасынын башчысы Урмат Карыбаев жана КР Мамкурулушуна караштуу Мамлекеттик архитектуралык-курулуштук көзөмөл департаментинин директорунун милдетин аткаруучу Адис Саяков катышты.

Тургундар көп кабаттуу үйлөрдүн курулушуна каршы чыгышты. Өз кезегинде мэрдин орун басары белгилегендей, бүгүнкү күндө турак-жай конуштарынын аймагында (жеке үйлөрдүн жанында) көп кабаттуу объекттерди курууга уруксат берүүчү документтерди кайтарып алуу иштери жүрүп жатат.

Эскерте кетсек, шаар куруу кеңешинин чечими менен турак жай конуштарынын аймагында көп кабаттуу үйлөрдү курууга тыюу салынган.

Мындан тышкары окуңуз

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

Түркияда кыргыз дарыгерлеринин тажрыйба алмашуу маселелери каралды

КРнын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов Түркиянын Саламаттык сактоо министри Кемал Мемишоглу менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Билдирүүгө караганда, жолугушуу Стамбул шаарында өтүп жаткан Түрк медицинасынын дүйнөсүнүн 12-конгрессинин алкагында уюштурулду. Анда эки өлкөнүн саламаттык сактоо жаатындагы практикалык кызматташтыгын кеңейтүү, медицинанын жогорку технологиялуу

Ишкер Media
Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

Бишкекте жаңы курулган 2 фонтандын ачылышы өттү

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда "Алтын балыктар" фонтаны жаңыланып ачылып, Киев жана Жусуп Абдрахманов көчөлөрүнүн кесилишинде эки жаңы фонтандын ачылыш аземи болуп өттү. Мэриядан маалымдагандай, алардын бири имараттын алдында, экинчиси сквердин аймагында жайгашкан. Иш-чаранын жүрүшүндө Жер пайдаланууну контролдоо башкармалыгынын жана Муниципалдык инспекциянын кызматтык милдеттерин

Ишкер Media
Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкектин конуштарында 5-ноябрда суу өчөт

Бишкекте 5-ноябрда саат 09:00дөн 17:00гө чейин турак жай имараттарына, мектептерге, мектепке чейинки билим берүү мекемелерине, саламаттыкты сактоо мекемелерине жана башка социалдык жана өнөр жай объектилерине ичүүчү суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, өчүрүү аймагы: Ак-Жар, Ак-Бата жана Келечек конуштары. "Ак-Жар

Ишкер Media
2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт

8-ноябрда Бишкек шаарында 2026-жылдын велосезонунун жабылышына арналган веложүрүш өтөт. Иш-чарага каалоочулардын баары катыша алышат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриядан билдиришти. Маалыматта жазылгандай, веложүрүш саат 10:00дө Д. Асанов атындагы Жеңиш паркынан башталат. Катышуучулар жалпы узундугу 5,4 чакырымды түзгөн аралыкты өтүшөт. Финиш: «Газпром — балдарга» ден соолукту чыңдоо

Ишкер Media