1-октябрдан тарта пенсия орточо 38%га жогорулатылат

1-октябрдан тарта пенсия орточо 38%га жогорулатылат

Президент Садыр Жапаров «2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо жөнүндө» жарлыкка кол койду.

Маалыматка ылайык, пенсионерлердин жашоо деңгээлин жогорулатуу максатында, Конституциянын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, 2023-жылдын 1-октябрынан тарта пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө белгиленди.

Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, бирок 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйөт, ага 3,9 млрд сом каралды. Мындай пенсиялардын орточо өлчөмү жогорулагандан кийин 9354 сомду түзөт, бул пенсиянын азыркы өлчөмүнөн орточо 1692 сомго көп.

Мында, жогорулатуунун так суммасы ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот. Бул жогорулатуу инфляциянын деңгээлинен эки эсе жогору.

Эгерде пенсияны жогорулатууга Социалдык фонддун каражаттарынан ушул жылдын 3 айына 3,9 млрд сом каралса, 2024-жылы бул сумма кошумча 16,2 млрд сомду түзөт. Ошону менен бирге, пенсия республикалык бюджеттин катышуусуз толугу менен Социалдык фонддун каражаттарынын эсебинен жогорулатылат.

30 миң сомдон ашкан пенсияларды жогорулатуу маселеси азыркы кезде каралууда, ошол себептен кошумча керектөөлөрдүн тийиштүү эсептери жүргүзүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

УКМК өзгөчө кырдаал же аскердик абал учурунда мобилдик түзүлүштөрдү өчүрүү, уюлдук операторлордун маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. УКМКныын орун басары Алишер Эрбаев бул мыйзам Санарип кодексинин кабыл алышына байланыштуу, бирдиктүү санарип терминологиясын жана укуктук шайкештикти камсыздоо максатында сунушталганын айтты. Ал буга чейин билдиргендей, эгер атайын кызматтар жарандардын телефонун тыңшай

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаардык башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, инфраструктураны жакшыртуу, коомдук транспорт жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Василь Шайхразиев Бишкекке буга чейин дагы бир нече жолу келгенин белгилеп,

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда электросамокаттар жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдыкты саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү сунушталууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул демилге жөө жүргүнчүлөрдүн жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Белгиленгендей, акыркы

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Бишкек шаарында жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугун бекемдөө маселелерине арналган Диалог уюштурулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Коомчулуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) алкагында өттү. Жыйынга Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков аймактарды