Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

100 миңге жакын кыргызстандык жашоо минимумунан төмөн пенсия алат

Чынгыз Керимбеков
100 миңге жакын кыргызстандык жашоо минимумунан төмөн пенсия алат

Кыргызстанда 100 миңге жакын жаран жашоо минимумунан төмөн пенсия алат. Бул тууралуу маалымат жыйынында Соцфонддун төрагасы Бактияр Алиев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда пенсионердин жашоо минимуму 6 миң 813 сомду түзөт.

«Социалдык фонд пенсияларды эмгек стажына жана төлөнгөн камсыздандыруу төгүмдөрүнө жараша эсептейт. Көпчүлүк учурда эмгек стажы — 5-7 жылды түзгөндөрдүн пенсиясы аз болот. Бул багытта иш жүрүп жатат. Биз 1-октябрдан тарта Жогорку Кеңешке мыйзам долбоорун киргизебиз, эгерде депутаттар аны колдоп беришсе, аталган пенсиялар да жогорулайт. Минимум 5 жылдык иш тажрыйбасын киргизүүнү пландап жатабыз. Эгерде 5 жылдык эмгек стажы болсо, анда автоматтык түрдө 3 миң 170 сом төлөй баштайбыз», - деди Алиев.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости