Кыргызстан Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга түз аба каттамдарын ачууну пландап жатат

Кыргызстан Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга түз аба каттамдарын ачууну пландап жатат

Кыргызстандан Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында “МЭА” коммерциялык директору Тимур Аралбаев билдирди.

Анын айтымында, октябрдын аягында Шарм-эш-Шейх (Египет) – Бишкек мезгилдик чартердик рейси ачылат. Авиакаттам кыш мезгилинде созулат. Ошондой эле Нячанг – Бишкек (Вьетнам) каттамы ачылат.

Ошондой эле, Ош – Ташкент, Ош – Урумчи, Бишкек – Чэнду аба каттамдарын ачуу пландалууда.

"Ош – Ташкент рейси ачылышы мүмкүн, учурда аталган маселе иштелүүдө. Тарыхта буга чейин мындай каттам болгон эмес. Учурда уруксат документтерин алуу стадиясындабыз", - деди Тимур Аралбаев.

Мындан тышкары окуңуз

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат

Түндүк - Түштүк альтернативдик жолу 1-ноябрдан тарта жабылат. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан маалымдашат. 2026-жылдын 1-ноябрынан тартып туристтик мезгилдин аякташына жана күз-кыш мезгилинде табигый кырсыктардын келип чыгуу коркунучунун жогорулашына байланыштуу Балыкчы - Жалал-Абад ("Түндүк - Түштүк") альтернативдүү жолунда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу токтотулат.

Ишкер Media
Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Жумушсуздарды ишке алган ишкерлерге 150 миң сом берилет

Кыргызстанда "Социалдык контракт" программасынын алкагында жаңы пилоттук долбоор ишке киргизилет. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин биринчи орун басары А. Алиясов тегерек столдо билдирди. Ага ылайык, расмий каттоодо турган бир жумушсуз жаранды ишке орноштурган ишкерлерге 150 миң сом кайтарымсыз каржылык колдоо көрсөтүлөт. Пилоттук долбоор эсептелип, Бишкек,

Ишкер Media
Бишкекте курулуш объектилери текшерилип, 1 миллион сом айып салынды

Бишкекте курулуш объектилери текшерилип, 1 миллион сом айып салынды

Бишкек шаарындагы бир катар курулуш объектилери каралып, курулуш иштерин уюштурууда жана жүргүзүүдө талаптардын бузулгандыгы аныкталды. Бул тууралуу бүгүн Курулуш министрлигинен билдирди. Маалыматка караганда, Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Бишкек шаардык башкармалыгы тарабынан төмөнкү объектилер текшерилди: * "Мүрөк" спорттук медицина жана реабилитация борбору; * Арча-Бешик конушу, Шербет көчөсү 11 дарегиндеги

Ишкер Media
Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

Бишкекте 97 пайызга жакын объектилерге жылуулук берилди

"Бишкекжылуулукэнерго" муниципалдык ишканасынын отканаларынан жылуулук алган объектилердин 97 пайызга жакыны жылуулукка кошулду. Бишкек мэриясы билдиргендей, учурда абоненттерди жылуулук менен камсыздоо системасына кошуу иштерин улантылууда. Бүгүн саат 10:00гө карата отканаларды ишке киргизүү жана объектилерди жылуулук менен камсыздоо көрсөткүчтөрү төмөнкүдөй болду: * Отканаларды ишке киргизүү — 99%; * Саламаттык сактоо мекемелери — 100%

Ишкер Media