Кыргызстандан Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында “МЭА” коммерциялык директору Тимур Аралбаев билдирди.
Анын айтымында, октябрдын аягында Шарм-эш-Шейх (Египет) – Бишкек мезгилдик чартердик рейси ачылат. Авиакаттам кыш мезгилинде созулат. Ошондой эле Нячанг – Бишкек (Вьетнам) каттамы ачылат.
Ошондой эле, Ош – Ташкент, Ош – Урумчи, Бишкек – Чэнду аба каттамдарын ачуу пландалууда.
"Ош – Ташкент рейси ачылышы мүмкүн, учурда аталган маселе иштелүүдө. Тарыхта буга чейин мындай каттам болгон эмес. Учурда уруксат документтерин алуу стадиясындабыз", - деди Тимур Аралбаев.