Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Башкаруучу башкы директору менен жолугушту

Садыр Жапаров Азия өнүктүрүү банкынын Башкаруучу башкы директору менен жолугушту

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында (АКШ) өтүп жаткан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын Жогорку деңгээлдеги жумалыгынын иш-чараларына катышуунун алкагында Азия Өнүктүрүү Банкынын (АӨБ) Башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин пресс-катчысы Эрбол Султанбаев билдирди.

Кыргызстан менен АӨБ ортосундагы долбоордук-программалык кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде Кыргыз Республикасы үчүн 2023-2027-жылдарга өнөктөштүктүн жаңы стратегиясы жөнүндө пикир алмашуу болду.

Мамлекет башчысы Азия өнүктүрүү банк – Кыргызстандын көп жылдардан бери өнүктүрүүнүн бардык негизги багыттары боюнча маанилүү долбоорлорун ишке ашырып жаткан ишенимдүү өнөктөшү экенин белгиледи.

Президент АӨБ менен көп тармакта динамикалуу өнүгүп жаткан кызматташууга канааттануусун билдирип, бүгүнкү күндө Азия өнүктүрүү банкы расмий финансылык жардам көрсөтүү көлөмү жагынан эң ири тышкы донор болуп саналарын белгиледи.

Ошону менен бирге ал банкты "Камбар-Ата-1" ГЭСин жана "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан" темир жолун, транспорттук инфраструктура жана энергетика чөйрөсүндө келечектүү эки ири "жашыл" долбоорду каржылоого чакырды.

АӨБдүн мындай долбоорлордогу чоң тажрыйбасын, ошондой эле курулуштун масштабын эске алуу менен Президент Садыр Жапаров банкка масштабдуу инфраструктуралык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүүнү сунуштады.

Өз кезегинде АӨБдүн Башкаруучу башкы директору Вуучонг Ум Кыргызстан банк үчүн маанилүү өнөктөш экенин айтып, уюмдун масштабдуу стратегиялык долбоорлорду, анын ичинде энергетика тармагындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө жана бекемдөөгө даярдыгын ырастады.

Ал өткөн жылдагы Кыргызстандын жакшы экономикалык көрсөткүчтөрүнө басым жасап, 7% га өскөндүгүн белгилеп, ошондой эле стратегиялык маанидеги ири долбоорлорго өтүүнүн маанилүүлүгүн жана уюмдун аларга катышууга даярдыгын белгиледи.

Жыйынтыгында тараптар кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө өз ара даярдыгын тастыкташты.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Кыргызстан менен Литва соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулады

Экономика министринин орун басары Султан Ахматов бүгүн Литванын тышкы иштер министринин орун басары Криступас Вайтекюнас менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда Кыргызстан менен Литванын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү багыттары талкууланды. Анын ичинде порт инфраструктурасы, зергерчилик өнөр жайы, айыл чарба, маалыматтык технологиялар жана финансы сектору

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк эл аралык тегерек стол өткөрдү

Улуттук банк 8–11-сентябрь күндөрү Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы "Толкун" пансионатынын окуу-ден соолукту чыңдоо борборунда инженердик системаларды техникалык тейлөө боюнча эл аралык тегерек стол өткөнүн билдирди. Иш-чара "Улуттук банктын имараттарынын жана курулмаларынын инженердик системаларын техникалык тейлөө" темасына арналды. Тегерек столду Улуттук банк

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Зергерчилик чөйрөсүндө атайын эсепке коюу электрондук форматка өткөрүлдү

Мамлекеттик салык кызматы баалуу металлдар, баалуу таштар жана зергер буюмдары менен иш жүргүзгөн жактарды атайын эсепке коюу жол-жобосун электрондук форматка өткөрдү. Бул тууралуу салык кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, эми арызды жана зарыл болгон маалыматтарды салык төлөөчүнүн кабинети аркылуу салык органына барбастан, электрондук түрдө тапшырууга болот. Кызматты колдонуучулар арыздын статусун

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Жаңы ысымдар жана алга жылуу үчүн гранттар

Бишкекте өткөн II Эл аралык UmutDoc даректүү тасмалардын фестивалы аяктады. Ал 10-сентябрдан 14-сентябрга чейин өткөрүлүп, кинематографисттерди, тармактын кесипкөй адистерин, эл аралык эксперттерди жана даректүү тасмалар боюнча көрүүчүлөрдүн башын бириктирди. Сынактык программага сегиз өлкөдөн: Кыргызстан, Казакстан, Молдова, Азербайжан, Грузия, Латвия, Тажикстан жана Өзбекстандан келген 8 толук метраждуу жана 16