Ошто жеке жактарга берилип кеткен соцобъектилерин кайтарып алуу иштери башталат

Ошто жеке жактарга берилип кеткен соцобъектилерин кайтарып алуу иштери башталат

Ош шаарынын мэри Бакытбек Жетигенов шаардагы бир катар социалдык обьектилерди кыдырды. Анын ичинен №8 М.Горький жана №24 М.Фрунзе атындагы мектептерге да барды. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аталган билим берүү мекемелеринин аймагына курулуп калган, жеке жактарга таандык болгон курулуштарды мыйзам алкагында карап чыгып, мектептин аймагына жер тилкесин кайтарып берүү боюнча тиешелүү кызматтардын жана бөлүмдөрдүн жетекчилерине жеринде тиешелүү тапшырмаларды берди.

Алсак, Горький атындагы мектептин аймагынын эки тарабы коммерциялык имараттарга, ал эми Фрунзе атындагы мектептин аймагынан 16 соода жайына жери берилип кеткен.

Ош шаарынын мэриясынын алдындагы атайын түзүлгөн комиссиянын маалыматы боюнча, 56 орто мектептин ичинен 31 мектептин аймагында мурда жеке жактарга бөлүнүп берилген жер тилкелери бар экендиги аныкталган. Ал жерлерге турак жай, ар кандай имараттар, тосмолор, соода түйүндөрү орнотулган.

Аталган объектилер боюнча шаар мэри Бакытбек Жетигенов социалдык объектилердин аймагын муниципалдык менчикке кайтаруу үчүн бардык документтерди көтөрүү жана тиешелүү иш аракеттерди алып баруу боюнча протоколдук тапшырмаларды берди.

Калаа башчысы жакынкы күндөрү шаардагы баардык социалдык объектилерди жеринен көрүп чыгат. Мында жеке тараптарга берилип кеткен жер аянттарын кайтарып алууга басым жасалат.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ысык-Көлдө 1000ден ашык жаранга акысыз медициналык консультациялар берилди

Самарканд марафонуна 70тен ашык өлкөнүн өкүлдөрү катышууда

Жарандык авиация агенттиги C5+1 конференциясына катышты

Москва районунда ишке ашырылып жаткан инвестициялык долбоорлор аталды

Токмокто 5 жылда 28 социалдык объект пайдаланууга берилген