Subscribe to Our Newsletter

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Эл аралык олимпиадага окуучуларды даярдаган мугалимди өкмөттөн 7 миң доллар менен сыйлады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу минкаб кабарлады. Такталгандай, мектеп окуучуларын олимпиадага даярдаган мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң долларлык сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң долларлык сертификаты жана коло медаль үчүн Тенгиз Беккоенов менен Алихан Айдарбековго 1 миң

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков
Эл аралык олимпиадага окуучуларды даярдаган мугалимди өкмөттөн 7 миң доллар менен сыйлады

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды. Бул тууралуу минкаб кабарлады.

Такталгандай, мектеп окуучуларын олимпиадага даярдаган мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң долларлык сертификаты, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң долларлык сертификаты жана коло медаль үчүн Тенгиз Беккоенов менен Алихан Айдарбековго 1 миң долларлык сертификаттар ыйгарылды.

Белгилей кетсек, 2023-жылдын 28-августунан 4-сентябрына чейин Зегед шаарында (Венгрия) информатика боюнча 35 эл аралык олимпиада (35th IOI 2023 Венгрия) өткөн. Ага Кыргызстандан: Айдар Мундузбаев, Тенгиз Беккоенов, Алихан Айдарбеков, Байтөрө Майрамбековдор катышты. Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча кыргызстандык окуучулар биринчи күмүш жана 2 коло медалга ээ болду.

Чынгыз Керимбеков profile image
by Чынгыз Керимбеков

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Success! Now Check Your Email

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Ok, Thanks

Read More