Бишкекке ЭКО таксилеринин биринчи партиясы келди

Бишкекке ЭКО таксилеринин биринчи партиясы келди

Бишкектин муниципалитетинде ЭКО таксилеринин биринчи партиясы сунушталды. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.

"Муниципалдык ЭКО ТАКСИ" долбоору Бишкек шаарында экологиялык таза транспортту өнүктүрүү демилгесинин бир бөлүгү болуп саналат, ал атмосферага зыяндуу заттардын чыгышын азайтууга  мүмкүндүк берет.

Белгилей кетсек, "Муниципалдык ЭКО ТАКСИ" айдоочулар үчүн жеңилдиктерди берет:

  • "Муниципалдык экотранспорт" үчүн атайын бөлүнгөн сары тилкеде электр транспортун башкарууга лицензия алуу;
  • айдоочулардын электромобилдерди лизингге алуу мүмкүнчүлүгү бар;
  • Салык кызматына отчетту автоматтык түрдө берүү менен акча табуунун туруктуу мыйзамдуу жолу;
  • атайын белгиленген муниципалдык электр кубаттоочу станцияларда  атайын тариф  менен кубаттоо  мүмкүнчүлүгү;
  • бардык социалдык пакет.

Ошентип, долбоор бишкектиктердин жашоо сапатын жакшыртууга багытталган.

Муниципалдык ECO TAXI долбоору тууралуу кененирээк маалымат алуу үчүн etaxi.kg шилтемесине өтсөңүз болот.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Коом

Акыркы жаңылыктар

Баары

Ак-Тилек конушунда 80 орундуу жаңы бала бакча ачылды

Былтыр өлкөгө 1 млрд 310 млн доллар чет өлкөлүк инвестиция тартылган

Бишкекте май өндүрүү тармагындагы маселелер талкууланды

Нарында мыйзамсыз курулуш үчүн 200 миң сом айып салынды

Улуттук банк FinConference 2026 конференциясына катышты