Бишкекте муниципалдык ECO TAXI ишке кирди – иштөө убактысы

Бишкекте муниципалдык ECO TAXI ишке кирди – иштөө убактысы

2023-жылдын 1-октябрында Бишкекте муниципалдык ECO TAXI иштей баштайт. Бул электр энергиясы менен иштеген экологиялык жактан таза жана үнөмдүү транспорт түрү. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Биринчи этапта Муниципалдык ECO TAXIнин 10 электр унаасы иштей баштайт. Маршруттун схемасы: Киев / Ю.Абдрахманов көчөсүнүн кесилишинен 12-кичи районуна чейин белгиленген сары тилке боюнча саат 07:00-10:00 (күндүзгү) жана 17:00-20:00 (кечки).

Отургузуу баасы киши башына 50 сом. ECO TAXI экологиялык транспорт үчүн атайын тилкеде жүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.

Таксилер заманбап электр жабдуулары жана GPS навигациясы менен жабдылып, айдоочулар атайын окуудан өтүштү. Жакынкы арада htps://etaxi.kg/ сайтынан ар бир электр унаасынын геолокациясын онлайн режиминде көрө аласыздар.

Муниципалдык ECO TAXI диспетчердик кызматына +996 (706) 22 22 76 (WhatsApp, Telegram) телефону аркылуу кайрылсаңыз болот, CALL борбору күнү-түнү иштейт. Муниципалдык ECO TAXIнин артыкчылыктары:

• белгиленген сары тилкеде айдоо

• экологиялык жактан таза - атмосферага зыяндуу эмиссиялар жок

• жүргүнчүлөр үчүн комфорт – тынч жана жылмакай жүрүү

• экономикалык - саякаттын арзан баасы

• коопсуздук – кабинадагы видеобайкоочу камералар

Муниципалдык ECO TAXIнин ишке кириши Бишкек шаарынын экологиялык таза транспортун өнүктүрүүдөгү маанилүү кадам болуп саналат. Электр унаалар экологияга жана жарандардын ден соолугуна зыян келтирбейт.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media