Бишкектеги автобустардын тилкесине кирген унаалардын ээлери айыпталат

Бишкектеги автобустардын тилкесине кирген унаалардын ээлери айыпталат

Бишкектеги коомдук транспорт үчүн бөлүнгөн тилкелерде коомдук транспорттон башка автотранспорттордун кирүүсүнө тыюу салган тиешелүү жол белгилери орнотулган. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы эскертти.

Бөлүнгөн тилкенин бул участокторунда ИИББы боюнча ЖККББнын кызматкерлери тартип бузгандарды аныктап, административдик чара көрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Ошондой эле Бишкек шаарында каттаган жаңы автобустардын ичине 4 фото жана видеофиксация камерасы орнотулган.

Пилоттук долбоордо видеобайкоо камераларынан жазуулар жол эрежесин бузууларды аныктоо үчүн күн сайын иштелип чыгат, аныкталган тартип бузуулар (фото, видео материалдар) зарыл административдик чараларды көрүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББы боюнча ЖККББна жиберилет.

Белгилей кетсек, салондун ичинде 2 видеокөзөмөл камералары иштейт. Конфликттик кырдаалдар же башка укук бузуулар болгон учурда  жазууну карап чыгууга болот.

Бардык унаа сүйүүчүлөр үчүн жол эрежелерин жана коомдук тартипти сактоо жөнүндө эскертүү.

Авто сүйүүчүлөрдүн бардык эреже бузуулары (уруксат берилбеген жайларга токтотуу, ошондой эле коомдук транспорт үчүн токтоочу жайларда унаанын токтотулушу, кыймылдын каршы тилкесине чыгуу, белгилер) автобустарда камералар менен катталат жана администрациялык айып салуу менен протокол түзүү үчүн Бишкек шаарынын ИИББы боюнча ЖККББна  жөнөтүлөт.

Мындан тышкары окуңуз

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткенде 9 айда 2,9 млрд сом салык чогултулду

Баткен облусунда 2026-жылдын январь-сентябрь айларында мамлекеттик бюджетке 2 млрд 982 млн сом салык чогултулду. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, салык чогултуу боюнча белгиленген план 108 %га аткарылган. Анын ичинен республикалык бюджетке 1 млрд 579 млн сом түшүп, план 112,2

Ишкер Media
Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media