Эмгек министри Түп районунда "Социалдык контракт" долбоорун ишке ашыруусун текшерди

Эмгек министри Түп районунда "Социалдык контракт" долбоорун ишке ашыруусун текшерди

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова Түп районундагы "Социалдык контракт" долбооруна катышкан үй-бүлөлөргө барды.

«Долбоорду ийгиликтүү ишке ашыруунун мисалы катары Тумара Калыбаеванын үй-бүлөсү жана анын алты баласы саналат, кулпунай өстүрүү менен сезондо 150 миң сом киреше табышкан.

Үч баланын энеси, өзү мүмкүнчүлүгү чектелген Гүлзат Дастанова мамлекеттин жардамы менен сулуулук салонун ачкан. Бүгүнкү күндө балдарга берилүүчү 3600 сом жөлөк пулдун ордуна,  анын айлык кирешеси 35 миң сомго жетти», - деди министр.

Гүлнара Баатырова Түп районунлагы Саадагүл Сарыкүчүкованын үй-бүлөсүнө да барды. Буга чейин баласы менен 1200 сом жөлөк пул алып жашаган жалгыз бой эне айына 10 миң сомдон киреше ала баштаган. Мамлекет тарабынан бөлүнгөн акчага чүчпара жасоочу жабдыктарды сатып алып, жеке бизнесин баштаган.

Ал эми 11 баланы баккан Аида Иманкожоева өзүнүн бал челегин ачып, айына 30 миң сомго чейин ала баштады.

Министрдин айтымында, Түп районунда жалпысынан 202 үй-бүлө "социалдык келишим" долбооруна катышып, 1,1 миңден ашуун адамдын жашоосун жакшыртууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Ошондой эле Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Г.М.Баатырова Түп райондук эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына иш сапары менен барып, башкармалыктын ишмердүүлүгү, кызматкерлер менен таанышып, баарлашты.

Мындан тышкары окуңуз

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

Ош облусунда Папан ГЭСинин курулушу уланууда

"Чакан ГЭС" ААКсы Папан ГЭСинин курулуш долбоорун ишке ашырууну улантууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Учурда болочок станциянын имаратына алып баруучу узундугу 9,2 км болгон убактылуу кирме жолдор курулуп, куруучулар үчүн шаарчанын курулушу аяктоо алдында турат. Мындан тышкары, 110 кВ аба электр берүү линиясынын курулушу үчүн долбоор

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Аламүдүндө баасы 9 млрд 161 млн сомдук жер мамлекетке кайтарылды

Чүй облусунун Аламүдүн райондук прокуратурасы тарабынан жер мыйзамдарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында мыйзамсыз сатылган жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Аныкталгандай, 2006-жылы Таш-Дөбө айыл аймагында жайгашкан 10,72 гектар жер тилкеси мыйзамсыз түрдө жеке жактарга сатылып кеткен. Текшерүүнүн жыйынтыгында прокурордук чара көрүү актысы келтирилип, баасы 9 млрд

Кыргызстандын делегациясы Кореяда “акылдуу” айыл чарба боюнча тажрыйба алды

Кыргызстандын делегациясы Кореяда “акылдуу” айыл чарба боюнча тажрыйба алды

Кыргыз Республикасынын делегациясы Корея Республикасында өткөн билим жана тажрыйба алмашуу программасына катышты. Делегацияны Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин санариптештирүү боюнча министрдин орун басары Асель Кененбаева жетектеди. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинен билдиришти. Делегациянын курамына “АгроСмарт” мамлекеттик мекемесинин, “Кыргызмамасылтукум” мамлекеттик ишканасынын, ошондой эле Агробизнестин атаандаштыкка жөндөмдүүлүк

Тармактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Тармактык комитет венчурдук каржылоо боюнча мыйзам долбоорун 1-окууда колдоду

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысынын орун басары Жалын Жээналиев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты стартаптарды, стартап-экосистеманы жана инновациялык технологияларды өнүктүрүү үчүн венчурдук инвестицияларды тартууга жагымдуу укуктук шарттарды түзүү болуп саналат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. Мыйзам долбоорунда бир катар негизги түшүнүктөрдү мыйзамдык деңгээлде бекитүү сунушталууда. Алардын катарына "