Октябрдан тартып пенсия көбөйдү – Соцфонддун эскертүүсү

Октябрдан тартып пенсия көбөйдү – Соцфонддун эскертүүсү

2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 38%га көбөйдү. Бул тууралуу Соцфонд билдирди.

Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Жарлыкка ылайык пенсионерлердин жашоо деңгээлин жакшыртуу максатында, КРнын Конституциясынын 19, 44, 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алуу менен 2023-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти 30 миң сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,38 өлчөмүндө бекитилди.

Тактап айтканда, 30 миң сомго чейин пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү орточо 38%, 500 сомдон кем эмес өлчөмүндө көбөйдү. Ага 3,9 миллиард сом каралды.

Көбөйтүлгөндөн кийинки пенсиянын орточо өлчөмү 9354 сомду түзүп, азыркыга салыштырмалуу орточо эсеп менен 1692 сомго жогорулады. Ал эми, так жогорулатуу ар бир пенсионердин пенсиясынын камсыздандыруу бөлүгүнүн өлчөмүнө жараша болот.

Бул жогорулатуу инфляция деңгээлинен эки эсе өйдө болуп жатат.

Пенсияны көбөйтүүдө бул жылдын соңку 3 айына Социалдык фонддун эсебинен кошумча 3,9 миллиард сом бөлүнсө, бул сумма 2024-жылга карата кошумча 16,2 миллиард сомду түзөт.

Эң негизгиси, пенсияны көтөрүү үчүн мамлекеттик бюджеттен эч кандай каражат коротулбай, Социалдык фондго келип түшкөн камсыздандыруу төгүмдөрүнөн чогултулган каражаттын эсебинен көбөйтүлүп жатат.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media