Бишкектин бир топ көчөлөрүндө унаа токтотууга тыюу салынат

Бишкектин бир топ көчөлөрүндө унаа токтотууга тыюу салынат

Бишкек шаарынын мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаменти “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасы менен биргеликте пилоттук долбоорлордун негизинде Бишкек шаарынын көчө-жол тармагынын өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча иштерди жүргүзүү пландаштырылууда.

2023-жылдын октябрынын аягына чейин бир тараптуу көчөлөрдөгү унаа токтотуучу жайларды иретке келтирүү жана участокторду бошотуу максатында 3.27 «аялдамага тыюу салынат» жол белгисин 8.24  «эвакуатор иштеп жатат» белгиси менен, 6.4 «унаа токтотуучу жай» жол белгисин 8.6.1 «унаа токтотуучу жайга коюу ыкмасы» (параллель парковка же жолго параллель) төмөнкү көчөлөрдүн айрым тилкелерине орнотуу пландаштырылууда:

· Бөкөнбаев көчөсү Абдрахманов көчөсүнөн Жаш гвардияга чейин;

· Сыдыков көчөсү Турусбеков көчөсүнөн К. Акиев көчөсүнө чейин;

· Москва көчөсү Бейшеналиев көчөсүнөн Сүйүмбаев көчөсүнө чейин;

· Логвиненко көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ж.Жолу проспектисине чейин;

· Панфилов көчөсү Медеров көчөсүнөн Ж.Жолу проспектисине чейин;

· Ибраимов көчөсү Кулатов көчөсүнөн Ж.Жолу проспектисине чейин.

· төрт бурчтуктун ичиндеги көчөлөрдө: Түндүк-Ахунбаев көчөсү, Түштүк – Жибек-Жолу проспектиси, Чыгыш – Ибраимов көчөсү, Батыш – Жаш Гвардия бульвары жана башкалар.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media