Өкмөт Жалал-Абаддагы бир катар көчөлөрдү реконструкциялоонун жүрүшүн текшерди

Өкмөт Жалал-Абаддагы бир катар көчөлөрдү реконструкциялоонун жүрүшүн текшерди

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жалал-Абад облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жалал-Абад шаарынын бир катар көчөлөрүнүн абалы менен таанышты.

Такталгандай, узундугу 3.5 чакырымды түзгөн Т. Байзаков атындагы проспектисин оңдоо иштери үстүбүздөгү жылдын август айында аяктаган. Жолду реконструкциялоого 146 млн сомдон ашуун каражат каралган.

Ал эми Б. Осмонов атындагы көчөсүндөгү курулуш иштери ушул жылдын сентябрь айында башталган. Бул үчүн 139 млн сомдон ашуун каражат бөлүнгөн. Мындан тышкары Мурзакул Болуш атындагы көчөнү оңдоо иштерине 35 млн сомдон ашуун каражат жумшалган.

Минкаб төрагасы жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, көчөлөрдү энергияны үнөмдөөчү жарыктандыруу, ошондой эле активдүү жашоо образды жана спортту өнүктүрүү үчүн веложолдорду түзүүнү эске алуу менен курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Мындан тышкары, Акылбек Жапаров “Жалал-Абад” санаторийинин абалы менен таанышты.

Мындан тышкары окуңуз

Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды

Тийиштүү уруксат кагаздары жок, чет өлкө жарандарын ишке тарткан ишкер кармалды

Адамдын ден соолугуна коркунуч келтирген тамак-аш продукциясын өндүргөндүгү үчүн УКМК тарабынан «КАВиКЕВ» ишканасынын башчысы, КР жараны А.В.К. кармалды. УКМКнын басма сөз кызматынан маалымдагандай, аталган мекемеде мыйзам бузуу фактылары аныкталып, кылмыш иши козголгон. Ишкана жетекчиси  тамак-аш продукциясын даярдоо үчүн эч кандай тиешелүү уруксат берүүчү, медициналык жана миграциялык документтери жок,

Патент алган жеке жактардын салыктык каттоо процесси жеңилдетилди

Патент алган жеке жактардын салыктык каттоо процесси жеңилдетилди

Мамлекеттик салык кызматы патенттин негизинде иштеген салык төлөөчүлөр үчүн салыктык каттоо жол-жоболору жөнөкөйлөштүрүлгөнүн билдирет. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматынан билдиришти. 29-октябрда Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен Салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Салык кызматынын электрондук системасы аркылуу патент алган жеке жак патент берилген учурдан тартып автоматтык түрдө салык органында катталат. Эми

KOPIA долбоору мал чарбасын өнүктүрүүдө кызматташууга даяр

KOPIA долбоору мал чарбасын өнүктүрүүдө кызматташууга даяр

Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматынын директору Адилет Сотовалдиев Кыргызстандагы KOPIA долбоорунун директору Кванг Сог “Питэр” Чунду кабыл алды. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматынан билдиришти. Жолугушууда мал чарбасын туруктуу өнүктүрүү жана инновациялык технологияларды киргизүү багытындагы кызматташтык маселелери каралды. Тараптар, өзгөчө, асыл тукум материалдарын коопсуз жана сапаттуу

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мүлк салыгы автоматташтырылып, пенсионерлерге жеңилдик каралды

Мамлекеттик салык кызматы 29-октябрдагы Кыргыз Республикасынын Мыйзамы менен КРдин Салык кодексине мүлк салыгы боюнча бир катар өзгөртүүлөр киргизилгенин маалымдайт. Мүлк салыгын автоматтык түрдө эсептөө киргизилгенине байланыштуу салыктарды эсептөө тартиби, алардын ставкалары өзгөртүлдү. Ошондой эле калктуу конуштардын жерлерине жана айыл чарба багытындагы эмес жерлерге, турак эмес имараттарга, жайларга жана курулуштарга мүлк