Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды

Жалал-Абадда 639 батирден турган "Асман резиденс" ипотекалык көп кабаттуу үйдүн курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү билдирди.

Долбоорду ишке ашыруу тууралуу президентинин иш башкармалыгы, Мамлекеттик ипотекалык компания жана Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен үч тараптуу келишим түзүлгөн.

Ипотекалык турак жайга шаардык мэрия тарабынан 1.6 гектар жер аянты ажыратылган. Курулуш аяктаса мамлекеттик кызматкерлер, ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген, көп балалуу жалгыз бой үй-бүлөлөргө 4%, калган тургундар 8% үй алуу мүмкүнчүлүгү бар.

Мындан тышкары окуңуз

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Кара-Балтадагы экологиялык абал текшерилди

Жогорку Кеңештин экологиялык коопсуздукту иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиясы Кара-Балта шаарындагы “Джунда”, “Азия Сталь” жана “СУ-4” ишканаларынын ишмердүүлүгү менен таанышып келишти. бул тууралуу ЖКтин маалымат кызматынан кабарлашты. Билдирүугө караганда, жергиликтүү тургундардын абанын булганышы боюнча арыздарынан улам “Азия Сталь” заводунун мештери убактылуу токтотулуп, учурда ишкана өндүрүштү модернизациялоо жана чыпкаларды

Ишкер Media
Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жайды каржылоо үчүн жаңы мамлекеттик банк түзүү сунушталууда

Кыргызстанда өнөр жай ишканаларын узак мөөнөттүү каржылоого багытталган атайын мамлекеттик банк түзүү сунушу коомдук талкууга коюлду. Экономика министрлиги сунуштаган долбоорго ылайык, өнөр жайды өнүктүрүү банкын мамлекеттин 100 % катышуусу менен ачык акционердик коом түрүндө түзүү каралууда. Акционердин ыйгарым укуктарын Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети же берилген ыйгарым укуктардын чегинде ал ыйгарым укук

Ишкер Media
Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүйдө көк бөрү үчүн 25 миң кишилик стадион курулуп баштады

Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Белек айылында көк бөрү боюнча мелдештерди өткөрүү үчүн 25 миң көрүүчүгө ылайыкталган стадион курула баштады. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдирет. Маалыматка ылайык, Белек айылында буга чейин ипподром болгон. Жакында эле бул жерде Чүй облусунун 100 жылдыгы белгиленген. Аймакта ат чабыштарды өткөрүү

Ишкер Media
Баткенде 1 млн тоннадан ашык көмүр казылды

Баткенде 1 млн тоннадан ашык көмүр казылды

Баткен облусунда 2026-жылдын тогуз айында 1 млн 69,1 миң тонна көмүр өндүрүлдү. Бул тууралуу президенттин облустагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматы маалымдады. Билдирүүгө ылайык, көмүр өндүрүүнүн көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 76,1 миң тоннага көбөйгөн. Учурда облустун аймагында көмүр казуу багытында 50дөн ашуун кен иштеп

Ишкер Media