Эртең Бишкекте суу өчүрүлөт – даректер

Эртең Бишкекте суу өчүрүлөт – даректер
Photo by Anderson Rian / Unsplash

2023-жылдын 19-октябрында саат 9:00 - 24:00 чейин Бишкектин бир нече райондорунда ичүүчү сууну берүү токтотулат. Бул тууралуу шаардык мэриясы билдирди.

Такталгандай, төмөнкү даректердеги турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну берүү токтотулат. Өчүрүү төмөнкү көчөлөрү менен чектелет:

Л. Толстой, Бакаев, Алтымышев, Жунусалиев,  Гагарин, Муромский, Циалковский, Т. Фрунзе, Өмүр, Алыкулов, Ахунбаев, Көк-Жайык,  Торугарт көчөлөрүндө, «Жумушчу шаарчасы», «Институт Землиделия», «Ак-Өргө», «Ак-Ордо» конуштарында (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы) жана  «Тенир-Тоо» конушунда (Ахунбаев көчөсүнүн түндүк тарабы).

Ичүүчү сууну өчүрүү «Гагарин» жана «Түштүк-Батыш» суу топтоморунда жана шаардык суу түтүк тармактарына оңдоо иштерин өткөрүүгө байланыштуу жүргүзүлөт.

«Бишкексууканал» өндүрүштүк-эксплуатациялык башкармалыгы  келтирилген   ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана калкты, уюмдарды ичүүчү сууну эртелеп камдап алышын суранат.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media