Ботаникалык бактын жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги үчүн “Кадастрдын” мурдагы жетекчилиги кармалды

Ботаникалык бактын жер тилкелерин мыйзамсыз бергендиги үчүн “Кадастрдын” мурдагы жетекчилиги кармалды

УКМК тарабынан Улуттук илимдер академиясынын (УИА) Биология институтунун Э.Гареев атындагы Ботаникалык багынын түштүк тарабында жайгашкан жер тилкелерин жеке менчикке мыйзамсыз берүү фактысы аныкталды. Бул тууралуу мекеме билдирди.

“Кадастр” МИнин Бишкек филиалынын жетекчилиги жана башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар тарабынан материалдык пайда алуу максатында УИАнын “Көк-Жар” эксперименталдык базасынын балансындагы Бишкек шаарынын И.Ахунбаев көчөсүнүн 1а дареги боюнча жайгашкан жалпы аянты 0,244 га (Ботаникалык бактын түштүк тарабы) жер тилкесин жеке менчикке өткөрүп берүү боюнча коррупциялык схемасы уюштурулганы аныкталды.

Анда, аталган жер тилкелери Э.Гареев атындагы ботаникалык бактын жалпы тосмосунун ичинде жайгашкандыгына карабастан Бишкек шаарынын мэриясынын жасалма токтомун чыгаруу жолу менен мыйзамсыз укук белгилөөчү документтер берилген.

Жүргүзүлгөн экспертизанын жыйынтыгына ылайык, жер тилкелерин мыйзамсыз берүүдөн келтирилген зыян 31 миллион сомдон ашык сумманы түзөт.

2023-жылдын 19-октябрында чогултулган материалдардын негизинде “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Бишкек филиалынын экс-директору Б.Б.Ж. жана анын орун басары К.М.З. кармалып, УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдардын чөйрөсүн аныктоо, ошондой эле мыйзамсыз алынган жер тилкелерин мамлекеттин балансына кайтаруу боюнча зарыл болгон тергөө иш-чаралары улантылууда.

Мындан тышкары окуңуз

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media
Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Милиция кызматкерлеринин айлыгы жана ардагерлердин пенсиясы көбөйөт

Өлкөдө ички иштер органдарынын кызматкерлеринин маянасы жана ардагерлердин пенсиялары жогорулатылды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн кыргыз милициясынын түзүлгөндүгүнүн 102 жылдыгы менен куттуктаганда айтты. "Буюрса, ушул жылдын 1-декабрынан баштап, жогорулаган айлыктарды жана пенсияларды алып баштайсыздар", - деди президент. Өлкө башчысы милициянын 102 жылдыгына карата 102 даана жаңы автоунаалар

Ишкер Media
Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарында көпүрөнүн курулушуна 262 миң сом бөлүндү

Нарын районунун Учкун айыл аймагына караштуу Кыз-Мазар участкасында жаан-чачындан улам бузулган жолду калыбына келтирүү жана көпүрө куруу иштери жүргүзүлүп жатат. Бул туурасында райондук администрациядан билдирди. Маалым болгондой, көпүрөнүн курулушуна "Кемп Ала-Тоо" коомдук уюмунан 262,2 миң сом бөлүнүп, керектүү материалдар алынган. Мындан тышкары, азык-түлүк

Ишкер Media
Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

Бишкекте бир күндө 500дөн ашык көчөт отургузулду

31-октябрда Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин катышуусунда бак-дарактарды отургузуу боюнча экологиялык акция өттү. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдирди. Маалыматка караганда, Иманалы Айдарбеков көчөсүндөгү бульварга 64 эмен жана ясень дарактарынын көчөтү отургузулду. Акцияга шаардык активисттер жана жаштар да катышты. "Бир да дарак сугатсыз калбашы керек. Президенттин тапшырмасы бар:

Ишкер Media