Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Бишкек менен Чүй облусунун жолдорунда эки күнгө чектөө киргизилет

Чынгыз Керимбеков
Бишкек менен Чүй облусунун жолдорунда эки күнгө чектөө киргизилет

25-27-октябрда Бишкек жана Чүй облусунун айрым көчөлөрүнө чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу маалымат жыйынында ИИМнин коомдук коопсуздук кызматынын башчысынын орун басары Нурлан Исмаилов билдирди.

Анын айтымында, чектөөлөр Кытайдын Мамлекеттик кеңешинин премьеринин, Монголиянын премьер-министринин жумушчу сапары жана ШКУ, КМШ жана Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны күтүлүүдө.

Исмаилов белгилегендей, бүгүнкү күндө ички иштер органдарынын күчтөрү жана каражаттары эсептелип, ага ылайык коомдук тартипти жана жол коопсуздугун сактоого 4 миңге жакын кызматкер тартылат.

Ал белгилегенлей, маанилүү иш-чара учурунда төмөнкү көчөлөргө чектөө киргизилет:

• "Манас" эл аралык аэропорт жолу Бишкек шаарынын чегине чейин;

• Фучик көчөсү Бишкек шаарынын чегинен тартып Чүй проспектисине чейин;

• Чүй проспектиси Фучик көчөсүнөн тартып чыгышты карай Манас проспектисине чейин;

• Манас жана Ч.Айтматов көчөлөрү түштүктү карай, "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясына чейинки бөлүгү;

• "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясынан тартып, "Ата-Бейит" мемориалдык комплексине чейинки жолго да убактылуу чектөөлөр киргизилет.

Эгерде кырдаалга жараша башка жолдор жабыла турган болсо, кошумча маалымат берилет.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости