Депутаттар Улуу Британиядагы кыргызстандыктарга жумушсуздукту жоюу тууралуу айтып беришти

Депутаттар Улуу Британиядагы кыргызстандыктарга жумушсуздукту жоюу тууралуу айтып беришти

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган парламент депутаттары Улуу Британия мамлекетине иш сапары менен барып, алгач аталган өлкөдөгү кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламент билдирди.

Лондон шаарында өткөн жолугушууда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан мекендештерге тиешелүү бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү маселелери талкууланды.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформаларга учкай токтолуп, миграциялык саясатты жөнгө салууга багытталган иш аракеттер тууралуу маалымат берди.

Андан тышкары, жумушсуздукту жоюу максатында жаңы иш орундарын түзүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө кеп кылып:

“Өлкөбүздө экономикалык саясатты туура жүргүзүү менен коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү аркылуу калк турмушун жакшыртуу аракети жигердүү жүргүзүлүүдө. Социалдык мекемелер арбын салынып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына өзгөчө көңүл бурулууда. Андыктан, жакынкы аралыкта мамлекетибиз гүлдөгөн өлкөгө айланып, ар бир жараныбыз өз жеринде сыймыктанып жашагандай шарт түзүлөт деген ишеничтебиз”, – деди.

Ошондой эле жолугушуу суроо-жооп иретинде уланды. Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев айтылган бардык көйгөйлөр эске алынарын жана тийиштүү мекемелер менен бирге чечүү аракети көрүлөрүн кошумчалашты.

Мындан тышкары окуңуз

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

"Жашыл шаар" сынагынын бюджетин 10 млн сомго чейин көбөйтүү пландалууда

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев шаардык "Жашыл шаар" сынагында биринчи орунду ээлеген объектилерге барып, жеңүүчүлөргө акчалай сертификаттарды тапшырды. Мэриянын басма сөз кызматы маалымдагандай, жеңүүчүлөргө 200 миң сомдук акчалай сертификаттар тапшырылды. Алар: * Токтоналиев көчөсү, 26 дарегинде жайгашкан "Тулпар" турак жай ээлеринин шериктештиги (ТСЖ) "Эң мыкты жашыл

Ишкер Media
Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Түп районунда 150 орундуу мектеп курулууда

Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Сары-Булуң айылында 150 орундуу жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен маалымдады. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, мектептин курулуш иштери 2025-жылдын май айында башталган. Маалыматка ылайык, объекттин жалпы наркы 117 миллион сомду түзөт. Мектептин имараты эки кабаттан туруп, жалпы аянты 1871 чарчы метр.

Ишкер Media
Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

Бишкекте "Жаратман муун" форум-көргөзмөсү өтөт

28-ноябрда Бишкектеги "Ырыс Ордо" конгресс-холлунда "Жаратман МУУН" келечектеги кесиптердин форум-көргөзмөсү өтөт. Илим министрлиги кабарлагандай, форумга студенттер, жаш адистер, билим берүү уюмдары, иш берүүчүлөр, мамлекеттик органдардын жана эл аралык өнөктөштөрдүн өкүлдөрү катышат. Катышуучулар билим берүү программалары, гранттар жана стипендиялар, бош жумуш орундары жана стажировкалар,

Ишкер Media
Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Өлкөдө каттоого алынган кылмыштуулук 78%га азайганы айтылды

Акыркы жылдары милиция кызматкерлеринин айлык маяналары эки эсеге жогорулатылды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев бүгүн милиция кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктаганда билдирди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда ИИМдин автопаркы 95 пайызга жаңыланган. "Бардык талаптарга жооп берген автоунаалар, күжүрмөн аскердик техникалар алынып, пайдаланууга берилди, 200дөн ашуун ар кандай

Ишкер Media