Депутаттар Улуу Британиядагы кыргызстандыктарга жумушсуздукту жоюу тууралуу айтып беришти

Депутаттар Улуу Британиядагы кыргызстандыктарга жумушсуздукту жоюу тууралуу айтып беришти

Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Нурланбек Азыгалиев баштаган парламент депутаттары Улуу Британия мамлекетине иш сапары менен барып, алгач аталган өлкөдөгү кыргызстандыктар менен жолугушту. Бул тууралуу парламент билдирди.

Лондон шаарында өткөн жолугушууда кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан мекендештерге тиешелүү бир катар көйгөйлөр көтөрүлүп, аларды чечүү маселелери талкууланды.

Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев мамлекетте жүргүзүлүп жаткан реформаларга учкай токтолуп, миграциялык саясатты жөнгө салууга багытталган иш аракеттер тууралуу маалымат берди.

Андан тышкары, жумушсуздукту жоюу максатында жаңы иш орундарын түзүү боюнча ишке ашырылып жаткан долбоорлор жөнүндө кеп кылып:

“Өлкөбүздө экономикалык саясатты туура жүргүзүү менен коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү аркылуу калк турмушун жакшыртуу аракети жигердүү жүргүзүлүүдө. Социалдык мекемелер арбын салынып, билим берүү жана саламаттыкты сактоо тармактарына өзгөчө көңүл бурулууда. Андыктан, жакынкы аралыкта мамлекетибиз гүлдөгөн өлкөгө айланып, ар бир жараныбыз өз жеринде сыймыктанып жашагандай шарт түзүлөт деген ишеничтебиз”, – деди.

Ошондой эле жолугушуу суроо-жооп иретинде уланды. Төраганын орун басары Нурланбек Азыгалиев айтылган бардык көйгөйлөр эске алынарын жана тийиштүү мекемелер менен бирге чечүү аракети көрүлөрүн кошумчалашты.

Read more

В Минтрансе напомнили, кто может бесплатно проезжать через тоннели на трассе Бишкек–Ош

Кабмин КР внес изменения в постановление о порядке уплаты сбора за проезд через тоннели на автодороге Бишкек — Ош. Об этом сообщили в Минтрансе. Согласно документу, от уплаты сбора освобождаются транспортные средства следующих категорий: 1. скорая медицинская помощь; 2. службы гражданской защиты; 3. органы внутренних дел; 4. органы национальной безопасности; 5.

Налоговики начнут присылать SMS-уведомления о налоговой задолженности – как это работает

Налоговики начнут присылать SMS-уведомления о налоговой задолженности – как это работает

Налоговая служба начнет рассылку SMS-уведомлений о наличии налоговой задолженности через операторов мобильной связи. Нововведение направлено на повышение доступности информации и оперативное информирование налогоплательщиков. Об этом сообщила пресс-служба ведомства. Теперь при вынесении извещения налоговым инспектором уведомление автоматически направляется в личный кабинет налогоплательщика на портале cabinet.salyk.kg, а также передается операторам

Кыргызстан увеличил объемы авиаперевозок: в 2024 году количество рейсов выросло на 7%

Кыргызстан увеличил объемы авиаперевозок: в 2024 году количество рейсов выросло на 7%

В 2024 году ОАО «Аэропорты Кыргызстана» обслужило 46 тысяч рейсов, что на 2.9 тысячи рейсов больше, чем в 2023 году. Прирост составил 6.8%. Основную долю составили международные направления — 29 тысяч рейсов, на внутренние перелеты пришлось 16.3 тысячи рейсов. Об этом говорится в ежегодном отчете компании. Наибольшая нагрузка

Минкаб төрагасы «Альянс Алтын» ишканасына барды

Минкаб төрагасы «Альянс Алтын» ишканасына барды

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Талас облусуна болгон жумуш сапарынын алкагында Жерүй алтын кениндеги «Альянс Алтын» ишканасына барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. Минкаб төрагасы алтын ылгоочу фабриканы карап чыгып, анда өндүрүш процесси, колдонулган технологиялар, экологиялык нормалардын сакталышы, иштетүүнүн жүрүшү, казып алуунун көлөмү тууралуу айтып беришти. Ошондой эле ал