Маркум Көлбаевдин жылкылары аукцион аркылуу сатылат

Маркум Көлбаевдин жылкылары аукцион аркылуу сатылат

Кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев) мамлекетке алынган асыл тукум жылкылары аукциондо сатылат. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында К.Асанбек тарабынан акча каражатына сатып алынган 15 асыл тукум жылкылар аныкталды, кылмыш ишинин натыйжасында, анын жалпы суммасы ведомстволор аралык баалоо комиссиясынын корутундусу боюнча 79 млн 790 миң сомду түзгөн.

• Беш кашка англис таза кандуу айгыры, баасы 44 млн сом.

• Командор англис таза кадуу айгыры, баасы 26.4 млн сом.

• Раушан англис таза кандуу айгыры, баасы 2.2 млн сом.

• Дончак донск-англис айгыры, баасы 300 миң сом.

• Кундуз англис бээси, баасы 900 миң сом.

• Хан сулуу англис бээси, баасы 900 миң сом.

• Острый аталышындагы чабылган аты, баасы 140 миң сом.

• Рошал аттуу англис бээси, баасы 150 миң сом.

• Ай-Чолпон аталышындагы таза кандуу бээ, баасы 440 миң сом.

• Ак Бермет аттуу таза кандуу бээси, баасы 356 миң сом.

• Көк-Серек аталышындагы бээ, баасы 100 миң сом.

• Көк-Жал жарым тукум айгыры, баасы 60 миң сом.

• Бактөр породасындагы минген аргымагы, баасы 704 миң сом.

• Бай Тору аталышындагы бээ, баасы 440 миң сом.

• Эркиндик англис айгыры, баасы 2.7 млн сом.

Белгиленгендей, К.Асанбектин уюшкан кылмыштуу тобунун аталган мүлктөрү кийин аукциондо сатуудан түшкөн каражаттар мамлекеттик бюджетке кайтарылат.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Кыргызстан менен Түркиянын билим берүү тармагы талкууланды

Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гульзат Исаматова Өзбекстанга болгон жумушчу сапарынын алкагында Түркиянын Жогорку билим берүү кеңешинин төрагасы Эрол Өзвар менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди. Алар илим жана билим берүү тармагындагы интеграцияны сапаттык жактан жаңы деңгээлге чыгарууга кызыкдар экендиктерин билдиришти. Билдирүүгө ылайык, тараптар жогорку

Ишкер Media
Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджа кош салык салууну жоюу боюнча сүйлөштү

Кыргызстан менен Камбоджанын делегациялары кирешелерге кош салык салууну жоюу жана салык төлөөдөн качуунун алдын алуу боюнча макулдашуунун долбоорун талкуулашты. Бул тууралуу Экономика министрлиги маалымдады. Билдрирүүгө караганда, сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду 26–28-октябрь күндөрү видеоконференция форматында өттү. Анда тараптар салык салууга байланышкан негизги маселелерди карап, бир катар принципиалдуу жоболор боюнча макулдашууга

Ишкер Media
Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Оштогу таза суу маселеси: Еврация фонду 60 миллион доллар насыяны 20 жылдык мөөнөткө берүүдө

Бүгүн, 28-октябрдагы Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун ортосундагы “Кыргыз Республикасынын Ош облусунун айылдагы калктуу конуштарын суу менен камсыздоону жана санитарияны жакшыртуу” долбооруна каржылоо берүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоо тапты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин маалымат кызматы кабарлайт. Жыйында

Ишкер Media
McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

McDonald’s эмес, "Вкусно - и точка": Айыл чарба министрлиги маалыматты тактады

Кыргызстанга азык-түлүк жеткирүү пландары боюнча мурда айтылган McDonald’s ресторандар тармагынын ордуна Орусиянын "Вкусно - и точка" тармагы аталды. Бул тууралуу маалыматты Кыргызстандын Айыл чарба министрлиги тактады. Министрликтин жаңыланган маалыматына ылайык, "РУЛОГ" компаниясы Burger King жана "Вкусно - и точка" ресторандар тармактары үчүн азык-түлүк

Ишкер Media