Подпишитесь на нашу рассылку

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

Чтобы завершить подписку, нажмите на ссылку подтверждения в своем почтовом ящике. Если письмо не придет в течение 3 минут, проверьте папку со спамом.

Хорошо, спасибо

Бала бакчанын ордуна турак жай салган курулуш компаниянын ээси кармалды

Чынгыз Керимбеков
Бала бакчанын ордуна турак жай салган курулуш компаниянын ээси кармалды

Бишкекте «О» ЖЧКсы бөлүнгөн жер тилкеге 280 орундуу бала бакчанын ордуна турак жайлар салынганы аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Тергөөнүн маалыматына ылайык, «Бишкекбашкыархитектура» МИнин жана «Кадастр» МИнин жооптуу жана кызмат адамдары мыйзамсыз киреше алуу максатында «О» ЖЧКсынын жетекчилиги менен кылмыштуу топ түзүшкөн.

“Бул адамдар белгиленген максатты бузуу менен архитектуралык-пландоо шарттарын иштеп чыгышып, жана инженердик-техникалык шарттарды жер астындагы унаа токтоочу жайлары бар 12 кабаттуу турак жайдын курулушуна карап, техникалык паспорт берүү жана тиешелүү документтерди тариздөө жол-жоболорун жүргүзгөн.
Белгиленген мыйзамсыз аракеттердин натыйжасында «О» ЖЧКсы мыйзамсыз түрдө 2 көп кабаттуу үйлөрдү куруп, аны сатып жиберишип, Бишкек шаарынын жакынкы райондорунун жашоочулары шаарда жетишсиз болгон бала бакчадан ажыратылган”, - деп белгиленет билдирүүдө.

Ошентип, мамлекетке 52 млн сом өлчөмүндө зыян келтирилген, ал ушул күнгө чейин «О» СК тарабынан төлөнбөй келген.

2023-жылдын 26-октябрында тергөө иштеринин жыйынтыгы боюнча, Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-ст., «О» ЖЧКсынын ээси - Т.И.А. кармалып, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды.

Учурда бул кылмыштарга тиешеси бар башка кызмат адамдарын жана башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Subscribe to New Posts

Lorem ultrices malesuada sapien amet pulvinar quis. Feugiat etiam ullamcorper pharetra vitae nibh enim vel.

Успех! Теперь проверьте свою электронную почту

To complete Subscribe, click the confirmation link in your inbox. If it doesn’t arrive within 3 minutes, check your spam folder.

Хорошо, спасибо

По теме

Главные новости

Последние новости