УКМК: Кадамжайда 1.6 млрд сомдук жерлерге мыйзамсыз жеке турак жайлар курулган

УКМК: Кадамжайда 1.6 млрд сомдук жерлерге мыйзамсыз жеке турак жайлар курулган

Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак айыл аймагында жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында аталган айыл аймактын айрым кызмат адамдарынын Д.Д.М., КА.С. жана T.A.C. мыйзамсыз иш-аракеттери аныкталды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка ылайык, алар 2016-2023-жылдар аралыгында 61.37 га жер тилкесин жеке турак жай куруу үчүн бөлүп берүү боюнча мыйзамсыз чечимдерди чыгарган.

Мындан тышкары, жер тилкесин мыйзамсыз берүү боюнча башка фактыларды жашырууну көздөп, аталган адамдар жеке баюу максатында Кадамжай райондук жер мунапыс комиссиясы менен алдын ала сүйлөшүп, 600.53 гектар жерди мыйзамдаштыруу боюнча арыз беришкен, бирок иш жүзүндө 624 га жер экени аныкталды, анын ичинен 61.37 га мыйзамсыз токтом чыгаруу менен берилген, 6 га Д.Д.М. тарабынан 12 жакын байланыш адамдарына белек катары берилген, ал эми 556.63 гектар жер мунапыс боюнча комиссиясы менен макулдашып, жергиликтүү тургундар тарабынан басып алынган деп киргизилип, үй ээлеринин бар экендиги тууралуу маалыматтар жасалма көбөйтүлүп берилген.

Ошол эле учурда, көз карандысыз эксперттин корутундусуна ылайык, мыйзамсыз берилген 624 гектар жердин баасы 1 млрд 63 млн сомго бааланса, анын ичинен мыйзамсыз чечимдин негизинде берилген 61,37 гектар жердин баасы 103 млн 743 миң 145 сомду түзөт.

Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында баасы 1 миллиард 63 миллион сом болгон 624 гектар жер тилкеси мамлекеттин балансына кайтарылды жана Баткен облусунун Кадамжай районунун Кыргыз-Кыштак а/а кызмат адамдарынын жеке кызыкчылыгын көздөгөн кадамдарына бөгөт коюлду.

Учурда бул мыйзамсыз аракеттерге тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүрүп жатат.

КР УКМК тарабынан трансформацияланбаган жерлерди жеке турак жай куруу үчүн мыйзамсыз берүү фактылары боюнча, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу) менен кылмыш иши тергелүүдө.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө

Кыргызстан VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына кызуу даярдык көрүүдө

Бүгүн, 15-январда “Кабар” улуттук маалымат  агенттигинде VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына арналган расмий маалымат жыйыны болуп өттү. Ага КРнын Министрлер Кабинетине караштуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин директору Казыбек Молдажиев катышты. Ишчаранын жүрүшүндө К.Молдажиев Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын спорттук программасы менен тааныштырып, даярдык иштеринин учурдагы жүрүшү тууралуу маалымат берди.   Билдирүүгө

Бишкекте Вьетнам компаниясынын ишкерликти өнүктүрүү кеңсеси ачылды

Бишкекте Вьетнам компаниясынын ишкерликти өнүктүрүү кеңсеси ачылды

Бишкек шаарында Вьетнам компаниясы тарабынан негизделген заманбап кеңсе борбор ачылды. Борбор өлкөгө инвестиция тартуу иш-чараларынын алкагында ишке кирди. Борборду министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ачып, заманбап кеңсе менен таанышып чыкты. Маалымдалгандай, бул кеңсе ишкердикти өнүктүрүүгө, инвесторлордун иштөөсүнө шарт жана кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзөт. Иш-чарага ошондой эле Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев,

Тайвань OnePlusтун башкы директорун камакка алуу ордерин берди

Тайвань OnePlusтун башкы директорун камакка алуу ордерин берди

Тайвань бийлиги OnePlus компаниясынын тең негиздөөчүсү жана башкы директору Пит Лауну камакка алуу боюнча ордер чыгарды. Ага 70тен ашуун тайвандык инженерди мыйзамсыз жумушка алган жана 2,3 млрд тайвань долларын салык төлөбөстөн өлкөдөн чыгарган деген айыптар тагылганын Bloomberg агенттиги кабарлады. Прокуратуранын версиясына ылайык, 2014-жылы Пит Лау Тайванда OnePlus үчүн жашыруун

Кыргызстандын виртуалдык активдерин жүгүртүү көлөмү жогорулап жатат

Кыргызстандын виртуалдык активдерин жүгүртүү көлөмү жогорулап жатат

АКШ тараптын демилгеси менен Президентке караштуу Виртуалдык активдер жана блокчейн-технологиялар тармагын өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин катчылыгынын жетекчиси Фархат Иминов АКШнын Кыргызстандагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Лесли Вигери менен жолугушту. Жолугушууда Фархат Иминов Улуттук кеңештин максаттары жана милдеттери, ошондой эле анын аткаруучу органы болуп саналган катчылыктын ишмердүүлүгү тууралуу айтып берди.